// //

Күйөөм Москвада досунун аялы менен жашап жүргөн экен. Эмне кылсам болот?

2021.03.25, 12:49
1793

Саламатсызбы! Менин дагы бир суроом бар. Жашым 25те. Жолдошум Москвада иштейт, кеткенине үч жыл болуп калды. Чогуу жашап жүргөн кезде бири-бирибизди жакшы түшүнөт элек. Ортодо эки балабыз бар. Жолдошум кеткенден кийин бир жылдан соң жанына бардым. Эмнегедир мурункудай жылуу мамиле таппадым. Жакшылап байкасам Бишкекте чогуу иштеген досунун аялы мен  жашап жүрүптүр. Мен үчүн бул чоң сокку болд. Арадан эки жыл өтсө дагы кечире албай койдум. Бир чети балдарымды тирүү жетим кылгым келбейт. Азыр чалып балдары менен сүйлөшөт. Ага болгон ишеничимдин баары талкаланды. Депрессияга түшүп калдым. Аны эстесем ошол күн эске келет. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2021, 12:51

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатсызбы! Тилекке каршы, узак убакыт бою бири-биринен алыс болгон жубайлар үчүн үй-бүлөдөгү мамилени сактап калуу өтө кыйын.

Үй-бүлөңүздө болуп өткөн окуялар күйөөңүздү кечирип, андан ары жашоону уланта аласызбы ойлонууга себеп болот. Бул өтө маанилүү жагдай, анткени күйөөңүзгө болгон таарыныч балдарыңызга дагы таасир берет. Эмоцияларга алдырбай, жакшылап ойлонуп анан чечим кабыл алыңыз.

Эгер кандайдыр бир чечимге келүү кыйын болсо, психологго кайрылсаңыз болот, ал сизге сезимдериңизди түшүнүүгө жана туура чечим чыгарууга жардам берет.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
А
Аймээрим Мусабек кызы (замужем)
02.04.2021, 14:13

Өзүңүзгө караныз жолдошунузду кесиргени аракет кылып өткөн күнүнүздү унутуга аракет кылыңыз баары болот менин башымдан дагы өткөн мындай күндөр жолдошумду кечирип азыркы учурда бактылуу үй-бүлөлөрдүн арасында жашап келе жатабыз! Баарыбыз бактылуу бололуу АМИНЬ ??

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт