Күч күйөө болуп жашаган жолдошум менен ажырашкым келет
Ош шаарында жашайм. Күйөөм менен мамилебиз жакшы эмес. Ажырашайын дегем. Кайсыл жака кайрылсам болот жана сотко арыз жазсам канча сом төлөйм? Ортодо бир жашы жете элек кызыбыз бар. Күйөөм күч күйөө болуп жашайт. Ал ичет, анын айынан кошуналар милиция чакыртышкан, кайра туугандар болуп ортого түшүп арызды кайтарып алганмын. 10 000сом акча төлөш керек экен деп жалдырап арызды кайтартып алды. Мен ажырашышты каалаймын.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгерде мындан ары үй-бүлө болуп жашап кетүүгө мүмкүн эмес деп эсептесеңиз, анда сизди ал инсан менен жаша деп эч ким мажбурлоого укугу жок. Бул боюнча чечимди өзүңүз гана чыгарасыз.
Ал эми сотко кайрылуу боюнча айтсак, өзүңүз жашаган аймактагы сотко никени бузуу жөнүндө доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Мамлекеттик алым катары 1000 сом төлөйсүз. Ошондой эле доо арызга никелешүү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын, паспортуңунуздун көчүрмөсүн, кызыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, жашаган жериңизден тактама тиркөө керек.