// //

Кайын атамдын кайын энеме берген белегин көрүп ыйладым

2021.03.19, 17:34
27525

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөнү карап отуруп кино көрүп жаткандай болом. Пенсиясына болобу, базарга болобу же той болобу ар дайым жетелешип жөнөйт. Бирөөсү барбаса, экинчиси дагы барбай коет. Бирөөсү тамак ичпесе, экинчиси дагы ичпей коет.

Тамак жасап жатсам, кайын энем келип бетимден өпсө, артынан кайын ата келип өбөт. Экөө маңдайына отургузуп алып батасын беришет. Эң сонун жери, күйөөмө караганда мени аяшат. “Тур, сен идиштерди жууп кой”,-деп, мага болушуп турушат.

Сыртта багыбыз бар. Кайын атам өзү карайт. “Гүкү, алма бышып калыптыр, кел”,-деп биринчисин кайын энеме көтөрүп келет. Көйнөгүнүн этеги менен аарчып берип жатканын көрүп өзүмчө сүйүнөм. Кайын энем алманы экиге бөлүп жарымын кайын атама берет. Экөө бактын түбүндө алыстагы тоолорду карап отуруп алып жешет.

Баса, мени кызым дешет. “Кызым, шорпо жасап бере аласыңбы?” Кайын энем ар дайым ушинтип кайрылат. Эч качан муну кыл же аны кыл деп буйрук берген эмес. Көңүлүмдү карап, өзүң кааласаң гана жаса дешет.

Күйөөм көбүнчө жумушта болот, мен жумушумдан эрте келем. Жолдон экөөнүн сүйүктүү кара прянигин ала келем. “Кызым, чайга таттуу алып келиптир”,-дешип сүйүнүшөт. Шашпай чайга пряник малып жейбиз. Чындап эле даамы башкача болуп калат экен. Силер дагы жеп көргүлө.

Жакында кайын энемдин туулган күнү болот. 78 жашка чыгат. Күйөөм экөөбүз эмне белек берсек экен деп башыбыз катып жүрөт. Кайын энеме эшиктен гүл  үзүп келип берсең деле сүйүнөт. Жүрөгү ушунчалык таза адам.

Бир жолу катуу ооруп калдым. Түнү менен тердеп чыктым. Ошондо кайын энем жаныман чыкпай кыңылдап ырдап отурду. Кыйналып уктай албай жатканымды көрүп жаш баладай кылып таптады. Ошондо гана уктадым. Ал күндү эч качан унутпайм.

Алтын чынжырча, шакеги, сөйкөсү менен белек кылдык. Кайын эжемдер жылуу пальто беришти. “Келгиле эми, торт кесели”,-деп дасторконго карап жатканда кайын атам анын дагы белеги бар экенин айтты. Эч кимибиз кайын атам дагы белек берет деп ойлобоптурбуз. Төркү бөлмөгө кирип кагаз көтөрүп келди.

“Гүкү, бутуңдун ооруганы күчөдү. Мен пенсияларымды топтоп, тиги көлдөгү ысык бассейнге жолдомо алып койдум. Барып эс алып келесиң. Ал жакта жанагы ылай дейби ошого оройт имиш. Массаж дагы жасап берет экен.” Колу калтырап кайын энеме баракты берди. Кайын энем баракты карап турду дагы , “сен жок барбайм”,-деди. Ыйладым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт