// //

Кызымдын сабакка болгон кызыгуусун кантип келтирем?

2021.03.19, 12:09
1597

Кызым 4-класста окуйт. Тилекке каршы сабакка болгон кызыгуусу жок. 1-классынан бери урушуп жүрүп сабак аткартабыз. Анан аябай эле унутчаак. Болгону бир нерсеге жумшасаң унутуп калып, ойноп кетет. Аябай оюнкараак. Ошонун айынан көп урушам, кээде какыс-кукус кылып коём. Чынында аябай ачуум келип кетет.

Сураныч кимге кайрылып, кандай чара колдонсом болот? Сабакка болгон кызыгуусун, жана бирөөнүн айткан тапшырмасына кайдыгер мамиле кылуусунан кантип арылтсам болот?

Баса, ТВ көрсө ичине кирип жашап, жанынан чакырсаң да укпай көрөт.
Анан дагы бир сарсанаа кылып жаткан жагы, табарсыгы бош. Даарылаттым жардамын бербей жатат? Дагы кандай кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2021, 12:31

Нуриза Батырбекова 

Психолог

Азыркы учурдагы абдан актуалдуу суроолордун бири. 

Биринчиден кызыңыздын сабакка болгон көңүлү эмне үчүн жок болуп жаткандыгын аныкташ керек. Мүмкүн, сабак кызыктуу эмес же мугалим менен мамилеси жакшы эмес. Же болбосо окуунун эмне үчүн керек экенин жакшы түшүнө албайт. Дагы бир себеби кластташтары менен болгон мамилеси. Мунун баары сабакка болгон кызыгуусун жоготот. 

Үйдөгү атмосфера бала үчүн ыңгайлуу болушу керек. Кандайдыр бир талаш-тартыш, уруштарды балага көрсөтпөөнү сунуштайм. Же баланын өзүнө болгон баасы төмөн болсо окууга болгон көңүлү аз болот. 

Кызыңыздын окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн ага дем бериңиз. Окуу эмне үчүн керек экенин, билим алуу келечегине кандай таасир берээрин айтыңыз. Кээ бир балдар маалыматты бат кабыл алат, кээ бири тескерисинче. Ошондуктан балага сабырдуулук менен мамиле кылыңыз. “Мен сага жардам берем”, “сенин колуңдан келет”, “сен акылдуусуң”, “чечилбеген маселе болбойт” деген сыяктуу сөздөрдү айтып балаңызга колдоо көрсөтүңүз. 

Дагы бир “быйтыкча” деген методика менен бөлүшүп кетейин. Баланын күн тартибин түзүңүз. Канчада турат, канчада жатат, кайсы убакытта ойнойт, сабак окуй турган убакытын белгилеп кагаз бетине түшүрөсүз. Анан кызыңызга быйтыкчаларды (жетон) берип аткарылган иштерге быйтыкчаларды чаптайсыз. Эгер сен айтылган тапшырмалардын баарын аткарып, көп быйтыкчаларга ээ болсоң жакшы бир иш кылабыз деңиз. Мисалы, куурчак алып бересиз же чогу тамак жасайсыз. Ушул сыяктуу кызыңыз кызыккан нерсени белек катары коюңуз. 

Ошол эле учурда баланын кылып жаткан ишине көңүл буруп, жакшы сапаттарын байкап туруу керек. Эгер начар жүрүм-турумдары болсо көз жуумп койгон дагы туура болот. 

Өзүңүз айткандай “какыс-кукус” кылып баланы уруп коюу анын кийинки жашоосуна чоң терс таасирин тийгизет. Ошондуктан өзүңүз дагы психоэмоционалдык абалыңызды жакшыртыңыз. 

Апанын маанайы ачык болсо, балада дагы ошондой болот. Ийгилик сизге!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт