// //

Күйөөм мага эмне үчүн үйлөнгөнүн айтканда ыйлап жибердим

2021.03.17, 17:25
8466

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз кыжылдашып кеттик. Жүйөлүү бир себеби деле жок. Он бир жылдан бери түтүн буулатып келаткан жубайлар үчүн бул кадыресе көрүнүш болсо керек.

Түнкү саат эки. Уйку жок. Экөөбүз эки жакты карап жатабыз. Ал шыпты карайт, мен шыпты карайм. Жөтөлүп койсо, мен жөтөлөм. Жуурканды өзүмө тартам. Ал өзүнө тартат. Жаш баладан айырмабыз жок.

Бир маалда күйөөм уктай элекминби сурады. Коңурук тартымыш болуп койдум. Эки-үч жолу атымды айтып чакырды. Унчукпай жата бердим. Акырын туруп мени карады. Калп эле көзүмдү жумуп алдым. Жуурканды кымтылап жаап, бетимден өптү. Анан потолокту карап күбүрүнө баштады.

“Ушул убакка чейин эмне үчүн сага үйлөнүүнү чечкенимди сурабадың. Качан сурайт деп күтүп жүрдүм. Кооз кылып айтып бермекмин. Бирок, көр турмуш, балдарды багуу, акча табуу, бул суроого убакыт калтырбады өңдүү. Мен деле унутуп калдым. Эмнегедир бүгүн эстедим.”

Унчукпай уктамыш болуп жата бердим. Эмне үчүн экенин сурайын дедим, бирок өзүмдү кармадым. Калпым чыгып калмак да (күлүп).

“Билесиңби, экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө көлгө эс алууга жөнөгөнбүз. Сен кудум азыркыдай сулуу элең. Төрт тарабың келишкен болсо дагы эмнегедир сунуш киргизүүнү жылдыра бердим. Ар бир жолугушууга шакекти алып барам, кайра ал өзүм менен үйгө келет. Бир нерсе, бир эле нерсе жетишпей жатты.

Экөөбүз ошондо жолдон бир кафеге кирдик. Сен ачка болгонуңду айтып мантыга буйрутма бердиң. Мен өзүмө шорпо алдым. Мантылар чоң, анан дагы куйруктан экен. Мурдуңду чүйрүп жебейт болуш керек деп ойлогом. Сен жаш баладай сүйүнүп, кашык эмес, колуң менен кармап жеп кирдиң. Колуңа аккан майларын жалап коюп жаттың. Ушундай аппетит менен жеп жаттың дейсиң, сени карап отуруп шорпом муздап калыптыр.

Ал ортодон мага сүйлөгөнгө жетишип жаттың. Заматта беш мантыны жеп бүттүң. Узун кара чачтарың май, колдоруң май, оозуң май, көйнөгүң май. Бармактарыңдагы майды соруп, өзүңдүн кебетеңди көрүп алып каткырып кирдиң. Сен ушундай бактылуу элең. Эсиңдеби? Дал ошол убакта сенин ошол күлкүңдү өмүр уккум келерин түшүндүм. Дал ошол убакта, жаным. Дал ошол убакта...

Азыр өзүңдү күзгүдөн карап “мен мурдагыдай сулуу эмесмин”, “жаш эмесмин”, “шиш така кийбейм”, “оозумду боебойм” деп кайгарсың. А мага баары бир экенин билсең кана. Анткени мен сенин келбетиңе карап үйлөнгөн эмесмин. Сенин күлкүң мен үчүн бүт нерсе. Жакшы жат куйрук манты жакшы көргөн алтыным.”

Артын карап уйкуга кирди. Менин жаздыгым суу болуп калды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт