Апамды сүзүп кеткен кишиге тосмо арыз жазып берип койсок эмне болот?
Саламатсызбы! Менин апамды пешеходдон машина сүзүп кетти эле. Айыптуу тарап тосмо арыз жазып берүүсүн суранып жатышат. Эгер тосмо арыз жазып койсок кийин жардам бербей коюшабы? Эмне кылышыбыз керек? Толук маалымат берип койсоңуз.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биринчи кезекте апаңызга ден соолук тилеп, тезирээк айыгып кетүүсүн каалайбыз. Сурооңуз боюнча, бүгүнкү күндө тосмо арыз деген түшүнүк жок. Апаңыз ошол адам менен элдешүү жөнүндө макулдашуу түзсө болот. Ал эми макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 500-беренесиндеги талаптардын негизинде түзүлүүсү керек.
Тактап айтканда, 500-беренеде жабырлануучу, анын өкүлү, шектелүүчү, айыпталуучу, анын жактоочусу билдирген жарашуу жөнүндө өтүнмөнүн негизинде жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) анын түзүлгөн датасы жана орду;
2) макулдашуу түзгөн тараптардын жана, эгерде жарашууга катышса, медиатордун фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;
3) кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген залалдын өлчөмү, шектелүүчү же айыпталуучу жабырлануучунун пайдасына жасоочу аракеттердин тизмеги, залалдын ордун толтуруунун же аракеттерди жасоонун мөөнөттөрү.
Жарашуу жөнүндө макулдашууга жабырлануучу же анын өкүлү, шектелүүчү, айыпталуучу, анын жактоочусу, эгерде жарашуу жол-жобосуна катышса, медиатор кол коёт.
Макулдашуунун көчүрмөлөрү макулдашууга кол койгон тараптарга тапшырылат.