// //

Кашардан тапкан сүйгөнүм мени таштап Россияга кетип калды

2021.03.12, 16:26
5287

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен деле “сүйүүм” менен бөлүшүп кетейинчи. Мектепти бүткөндөн кийин шартыбызга байланыштуу чоң окуу жайга тапшыра алган жокмун. Шарт дегенде кандай, шаарда жашаганга туугандарым жок, ата-энемдин мени камсыздаганга чама-чаркы жетпейт. Анан да өзүм жалгыз баламын.

Классташтырымдын баары Бишкекке сапар алышты. Айылда мен эле жалгыз калгандай болдум. Башында көнө албай, убакытым өтпөй кыйналдым. Эртең менен эрте турам, бир ат, уй музоосу менен, анан 4-5тей кой, эчкиге чөп салам, сугарам, кайтарам. Кыскасы ошол мал менен алек болмой.

Кышкы каникулда шаардан классташ досторум келди. Болгон жаңылыктарын айтып, Бишкекти мактап бүтө алышпай койду. 
- Доске, жанагы бар го Беш Сарычы, Ош базар жактагы. Ошол жактан такыр телефон албаш керек экен деп кой.
- Ооба, эми билдиңби? Андан көрө ЦУМдан ал да.
- Иий, өткөндө Жомалар болуп Политех жактагы “игровой клубга” барып, акчабыз жетпей калып таң аткыча Калысты күттүк деп кой.
- Ха-ха-ха!

Чогуу эле баарлашып олтурганбыз, бирок кайсы жактар жөнүндө айтып жаткандарын түшүнгөн деле жокмун. Шаарды көрө элек болсом түшүнбөйм да.

Ошентип кыштан аман-эсен чыгып, жазда малдарды Токтор деген байкеге кошуп бергени жөнөдүм. Алар биздин айылдан өйдөрөөк кашарда турушат.

- Кел балам, кептен салып, чайдан ич. Айылда эмне жаңылык. Тиги Аваз байке жылкыларын кимге кошот экен?
- Билбейм байке. Ал тууралуу деле кабарым жок, атам эле билбесе.
- Аа жакшы, тиги...

Менин көзүм сыртта кир жайып жүргөн кызга түштү. Ак жумал, жылдыздуу кыз экен. Байкашыма караганда мени менен теңдей. Токтор байкенин мен менен тең кызы жок да. Бул ким болду экен?

- Сырттагы сиздин кызбы?
- Ээ жигит! Сен менин сүйлөгөнүмдү укпай элесиңби?
- Сиздин чоң кызыңыз жок элего?
- Эмне күйөө бала болгуң келип кеттиби? Инимдин улуу кызы. Конокко келген.

Үйгө келип бир уктай алсамчы. Оюмдун баары эле тиги сулууда. Таанышып көрсөм болмок. Учурашып деле койбой. Эртең малды сурамыш болуп барсамбы? Кайдан келди болду экен? Ээ, бир айласы табылар. Мени карайт болду экенби?

Үчүнчү жолу барганда атын сурадым. Алина экен. Чынында сулуу, сүйкүмдүү, жароокер. Ичимден келечекти кура баштадым. Алина менин жубайым болду. Экөөбүз чогуу шаарга барып чоң окуу жайга окумай болдук, мен машина алдым, Алинаны салып алып шаар айландырдым, үй алып, ата-энемди шаарга алып келдим.

- Ээ бала, биз жакты эле айланчыктап калдың го?
Токтор байкенин катуу үнүнөн кыялдарым учуп кетти.
- Жок, тиги атам эле сурап кой дегенинен келгем.

Алтынчы жолу кашарга барсам сүйгөнүм жок экен. Россияга окууга тапшырганы кетиптир. Одноклассникиден издеп таптым, бирок жазган жокмун. Ал жерден башка жигит таап алса керек. Ошо менен бир жарым айлык “сүйүүм” бүткөн. 

Азыр досторум мактап бүтпөгөн Бишкектемин. Эмерек жасаган цехте иштейм. Буюруса чыныгы сүйүүмдү тапсам үйлөнөм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт