Кайын энем ич кийимдеримди уурдайт. Айласы кеткен келиндин баяны
Саламатсызбы! Bilesinbi.kg порталынан көп адамдардын окуясын окуп калам. Мен да өз баянымды айтып бергим келет. Айрымдар үчүн күлкүлүү болушу мүмкүн. Бирок, айлам кетип баратат.
Анда эмесе, кеп башынан болсун.
"Алтымыштагы кайын энемдин жоругу таң калтырат"
Күйөөгө тийгениме 5 айдын жүзү болду. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан кайын энем менен чогуу турабыз. Турмуш шартыбыз жакшы. Болгону бир эле көйгөй бар - кайын энем ич кийимдеримди уурдайт.
Алтымыштан ашып калган аялдын мындай кадамга барышы мени аябай таң калтырат. Акча тартыш болсо бир жөн, түшүнөт элем.
Биз үйлөнгөндөн бир жума өтпөй бир-эки ич кийимдеримди таппай калдым. Жууп жайып койгон жеринде жок. Апаман (кайын энемен) сурагандан уялдым. Күйөөмө айтсам, "шамал учуруп кетсе керек", - деп койду. Издеген жокмун.
"Таякем прокладканы эмне кылмак эле"
Мына эми, жаңы эле алган прокладкаларымдын жарымы жок. Үйдө мен, күйөөм, кайын атам жана кайын энемден башка эч ким жашабайт. Ии баса, ал күнү айылдан бир таякебиз келген. Эми ал албайт да (күлүп). Ким болду экен?
Эстесем, ич кийимдерим мен үйдө жок болгондо жоголот экен: сыртта жүргөндө, базарга же конокко кеткенде.
Апам (өз апам) себимдин жарымын берип жибермек болду. "Кулпусу бар шкаф алып бериңизчи", - деп сурандым. Эртеси бир тартмасы кулпулана турган комод келди. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла!
Баары бүттүгө деп ойлогом. Жаңылыпмын.
"Майкасына оролгон прокладкалар"
Ич кийимимдин кымбат комплектиси (турса, бюстгальтер, халат) бар болчу. Жууп, жайып коюп дүкөнгө кеткем. Келсем бюстгальтерим жок. Суу ич кийимди ким алды!? Ачуум келди. Чыгынып барып апаман сурадым. Ийнин куушуруп, сыртка чыгып кетти.
Дароо бөлмөсүнө кирип, тартмаларын аңтарып кирдим. Мына кызык...
- Биринчи тартма - биз үйлөнгөндө жоголгон эки ич кийим.
- Үчүнчү тартма - майкасына оролгон прокладкалар.
- Төртүнчү тартма - кургай элек бюстгальтер.
Бул эмнеси, апам тамашалап жатабы!?
Карып калган аялдын бул жоругуна таң калып бүтпөй келем. Эч кимге айткан жокмун, жөн гана маани бербей коюуну чечтим. Кандай ойлойсуңар, ушундай болушу мүмкүнбү?
Мумкун, психикалык жактан сабыркап жургондур. Жолдошунузга ачык айтып, коргозуп койсонуз жакшы болмок экен. Эми айтсанар ишенээр бекен? Баса колому(размери) кандай? Тан калычтуу! Психологдор эмне дейт болду экен. Мумкун озунун кызына беруу учун чогултуп жургондур?