Этек кир келип бүткөндөн кийин дароо жыныстык катнашка барса болобу?
Саламатсызбы! Этек кир келип бүткөндөн кийин дароо жыныстык катнашка бардым. Эми зыян эмеспи деп ойлонуп жатам. Деги эле этек кир келип жатканда кошулса эмне болот?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Мүмкүн болушунча этек кир учурунда жыныстык катнашка барбай турган оң. Бир жагынан, бул жугуштуу жана сезгенүү ооруларынын пайда болуу тобокелдигин көбөйтөт. Анткени этек кир мезгилинде жатын моюнчасынын каналы бир аз ачылып, жатын көңдөйүнө жана жогорку жыныс органдарына бактериялардын (сперма менен кошо) киришине шарт түшөт.
Эгерде узак убакыттан бери бир эле сексуалдык өнөктөш менен кошулуп жүргөн болсоңуз, анда бул коркунуч минималдуу. Ал эми жаңы өнөктөш же бир эмес андан көп болгондо, презервативди колдонуу тобокелдиктерди азайтат.
Экинчи жагынан, айыз келип жатканда кошулганда, оргазм учурунда кан жамбаш көңдөйүнө чачырап, эндометриоз сыяктуу оорунун өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн деген теория бар. Бирок, буга азырынча ишенимдүү далил жок.
Ошондой эле, жыныстык катнашка учурунда окситоцин, эндорфин сыяктуу бакыт гормондурун бөлүнүп чыгышы, жамбаш түбүндөгү булчуңдарынын иштеши жана жагымдуу эмоциялар аялдардын менструалдык оорусун басаңдатышы мүмкүн.
Демек, айыз мезгилинде жыныстык катнашка барабы же жокпу, аны ар ким өз алдынча чечиши керек. Бирок эң негизгиси коопсуздук экенин унутпаңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.