// //

Кошуна эженин күйөөсүнө айткан сөзү жашоомду өзгөрттү

2021.03.10, 17:36
8019

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Акыркы убактарда көп урушчу болушту. Өзгөчө күйөөсү түндө келип ызы-чуу салат. Мындайда бизде уйку жок. Урушу бүткүчө угуп отурабыз. Кечээ катуу чатакташты. Эженин ый менен айткан сөзү жашоомду, күйөөмө болгон мамилемди өзгөрттү.

Сонун эже. Кайгысы тоодой болсо дагы билгизбей жылмайып жүрө берет. Кээде балдарымды ага таштап коюп базарга барып келем. Мен келгиче курсактарын тойгузуп карап отурат. Супсулуу. Дүйнөлүк актрисалардан кем калышпайт. Бирок көр турмуш анын көздөрүн муңга толтуруп койгон. Аттиң...

Башталды. Кыязы, күйөөсү дагы ичип келген го. Иттер үргөнүнөн ойгондум. Акырын сыртка чыгып дубалдын түбүнө бардым. Эже менен күйөөсү жаңжалдашып жатыптыр.

- Кантип келдиң? Бирөөнүн кучагында жатып, кайра мага кантип келдиң? Кантип келдиң?

- Мен деген бай болчум, даражам, жумушум, акчам, машинам бар болчу. Азыр банкротмун! Банкрот!

- Мен сенин жумушун жөнүндө айткан жокмун, сенин башка бирөөнүн кучагында жатканыңды айтып жатам.

Демек, күйөөсү көзүнө чөп салган экен. Ачуумду кармап, ордуман жылбай уга бердим. Ооба, минтип сөз тыңшаган болбойт, болгону эжеге кабатыр болдум. Кокус бир нерсе болсо, жардамга чуркап бара калайын деген эле ойдо чыккам.

- Мен эмнени айтып жатам! Эч түшүнбөйсүң! Мен тажап кеттим. Он беш жылдан бери бул эски тамда жашай берип тажап кеттим. Жумушумдан ажырагандан бери бир орунда турам. Үйгө келсем баягы турмуш. Тажап кеттим.

- Мен деле сенин жаныңда турдум. Сени менен ушул эски тамда жашадым. Ар дайым жаныңда болдум. Сенин каалоолоруң менен жашадым. 15 жыл бир карыш жылбадым. Сөксөң дагы, урушсаң дагы унчукпадым. Тек жаныңда болдум. Кетип калгым келген күндөр болгон жок дейсиңби, болду. Бирок, сага ишендим. Жаштагымды сага бердим. Башка эркектер азгырганда дагы азгырылбадым. А сен... А сен... Мен деле жылуу сөзгө суусап келдим. Бир жолу эркелетпедиң. Сенин гана муктаждыктарың, жашооң бар эмес. Меники дагы бар. Бирок, мен сен үчүн баарынан, кыялдарымдан, каалоолорумдан баш тарттым. Азыр бул үчүн өкүнүп жатам. Жумуш табат, бутуна турат деп сага ишендим. Күйөөм деп сыйладым. Бир дагы жолу мен үчүн күйөө албадың. Бир жолу мени сыйлабадың. Кылчайып карап жылуу сөз айтпадың. Башка бирөөнүн кучагында... А сен... А сен... Жок, кечире албайм...

Оозумду бекем кысып эжеге кошулуп буркурап ыйлап жаттым. Эже үйүнө кирип кетти. Акырын дубалдан башымды созуп карасам, күйөөсү башын мыкчып жерде отуруптур.

Эртең менен кошуналардан жаман кабар уктум. Эже балдарын алып кетип калыптыр. Кылган жакшылыктары үчүн рахматымды айта албай калдым. Эже, сиз менин көзүмдү ачтыңыз, бул үчүн өмүр бою сизге ыраазымын.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт