// //

Күйөөм мага жаккан сумканы алыш үчүн дубленкасын сатыптыр

2021.03.07, 16:56
6096

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Алтыш, менин “турецкий” дубленкам кайда?

- Аны эмне кыласың?

- Керек.

- Шкафтын үстүндө, кара пакетте.

Эртең менен турсам жанымда күйөөм жок. Жумушуна мынчалык эрте кетпейт эле деп чалдым. Бүгүн “сменасы” бар экенин айтты. Балдарга тамак берип, баарын дайындап коюп, жумуша жөнөп кеттим.

Коронавирус деген балээнин айынан бул жыл өтө оор болду. Кайын атам, өзүмдүн байкемен ажыраганым аз келгенсип, малга деп алган кредитибизди төлөй албай, карызга баттык. Күйөөм үйгө тамактанганы эле келет, бир жумушунан чыгып, экинчисине жөнөп кетет. Мен дагы үйгө түндөп келем. Карыздан артканыбызды балдардын тамак-ашына жумшайбыз.

- Сумкаң кана?

- Түбү тешилип калыптыр.

- Анан пакет көтөрүп алдыңбы?

- Ооба, буюмдарымды кайда салмак элем.

Оор үшкүрүп башын чайкады. Бул күндөр дагы өтөрүн айтып, сөздү башка нукка буруп кеттим. Бирок, күйөөм кол шилтеп койбоптур. Бул кылганын эч качан унутпайм.

Кечинде чогуу тамактанып отурганбыз. Балдар ичип бүтүп көчөгө ойногону чыгып кетти. Алардын артынан күйөөм турду. Идиштерди чогултуп жатсам, “бул сага, келаткан майрамың менен”,-деп, колума пакет карматып, бетимден шап өөп, колумдагы идишти алды. Ача албай колум титирейт деп койгула. Күйөөм көзүнүн кыйыгынан карап столдун үстүн жыйнай берди.

Кыялымдагы сумка! Кымбат экени көрүнүп турат. Кучактадым. Күйөөм жылмайып, жактыбы сурады. “Албетте!” Ыйлагым келип, колдорум дагы эле титирей берди. Күйөөм колумду ушалап, “мени менен бирге болгонуң үчүн рахмат”,-деди.

Эртеси үй жыйнап жатып шкафтын үстүнөн кара пакетти таап алдым. Ичине салынган күйөөмдүн дубленкасы жок экен. Ошондо, баарын түшүндүм. Мага белек алыш үчүн, кымбат дубленкасын саткан экен. Пакетти кармап алып ыйладым. Бирок, күйөөм келгенде эч нерсе айткан жокмун. Тек гана “мен сени сүйөм”,-дедим. Балдарым тык токтоп, таң калып карап калды. Тамак ичип жатканбыз, күйөөм какап кетти.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк архивден алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт