// //

Курбума карыз берген адам ашыкча акча сурап жатат. Эмне кылса болот?

2021.03.07, 15:23
1265

Менин курбум 2014-жылы бирөөлөрдөн 150 000 сом алыптыр. Бирок, берген адам жолдошуна, туугандарына айтпай нотариуска алып барып 300 000 алдым деп жаздырып алган. Орто жерден 60 000, 15 000 сом бериптир. Ушул акчанын айынан жолдошу менен ажырышты. Боорунан да операция болду. 3 жыл оору менен күрөштү. 2021-жылы, январда, акча берген адам кайра милицияга берип, "акчаны толук таап бер, болбосо сотко берем, каматам",-деп жазыптыр. Убакыт берүүсүн сураса болбой жатат. Акча алган келин өз укугун билбей жатат. Ушул боюнча түшүнүк берип коесузбу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2021, 15:34

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Эгерде окуя сиз айткандай болгон болсо, анда бул жагдайда курбу кызыңыз өз укуктарын коргоосу зарыл. Анткени иш боюнча 150 000 сом эле карыз алган болсо, бирок бул карыздын суммасын эки эсе көбөйтүп 300 000 сом деп жаздырса, бул жарандык тартипте соттук териштирүүдө каралуучу маселе экен.

Карыз доолаган адамдын милицияга кайрылуусу боюнча алдамчылык болгондугу же болбогондугу тууралуу тергөө иштери жүргүзүлөт. Ошондуктан курбуңуз өзүнө мамлекетт тарабынан кепилденген юридикалык жардам алса болот. Ал үчүн өзү жашаган аймактагы КРнын юстиция министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылса болот.

Негизи мындай иштерде тергөөчү тарабынан алдамчылык болгондугу же болбогондугу тергелет. Ошондой эле практикам боюнча эгерде тил кат же нотариалдык түрдө акча алгандыгы боюнча далил болгон болсо, бул жарандык тартиптеги иш түрүндө соттук тартипте каралат. Бүгүнкү күндө мындай доо менен сотко кайрылуу үчүн мамлекетттик алым төлөнөт, ошондуктан бул төлөмдү төлөөбө максатында көпчүлүк оңой жолун тандап милицияга арыз менен кайрылышат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт