// //

Күйөөм менен аяшыбыздын жазышкан каттарын көрүп калдым. Эмне кылсам болот?

2021.03.06, 14:02
2026

Менин жашым 23тө, жолдошум жана балам бар. Маселе жолдошумда, ал мага телефонун бербейт, эч кимге карматпай күнү-түнү көтөрүп жүрөт. Бир күнү  телефонун таштап, сыртка чыгып кетиптир. Кокустан бөлмөгө кирип, көрүп калдым. Алып карасам жигиттин аты жазылган номер бар экен. Ачсам, аны менен кат жазышыптыр, жолдошум: "Сенин колуңду кармап, сени менен өмүр бою бирге болууга даярмын" деп жазыптыр. Жүрөгүм титиреп кетти. Эмне кыларымды билбей ордна коюп чыгып кеттим, эч кимге билгизбей жумушум менен алектене бердим. Андан кийин жанагы номерди текшерип көрсөм, досунун аялы, мындайча айтканда аяшыбыздыкы экен. Мен бул жөнүндө кайненеме айттым, ал аны менен сүйлөшөм деди, бирок азырынча унчукпай эле жүрөт. Жолдошума бул жөнүндө кыйытсам, сүйлөшүүдөн качып жатат. SMSтерди өчүрүп салыптыр, далилдерим жок экенин айтат. Кечээ тиги аяшыбызды аэропортко жеткирип келерин айтты. Мен эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.03.2021, 14:24

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Кутмандуу күнүңз менен! Катыңызда эмне кылса болот деп сурап жатасыз, бирок ким менен эмне кылууну билбей жатканыңыз белгисиз калган. Күйөөңүз мененби? Өзүңүз менен? Чечимиңиз менен?

Тилекке каршы, күйөөңүз экөөңөрдүн ортоңордо ишенимге байланыштуу көйгөйлөр бар. Сиз өнөктөшүңүзгө ишенбейсиз, кыязы ал дагы. Мамилеңерде кандайдыр бир маанилүү тартыштык бар. Сизге эмне жетишпей жатат? Өнөктөшүңүзгө так эмне керек? Бул жетишпестиктер канчалык деңгээлде бири-бирине дал келет? Кандай муктаждыктар чечилбей жатат? Эмнеге үмүттөнүп, анын өздүк чегине кирип жатасыз? Мисалы, сизде маалымат жана ага байланыштуу сезимдер бар, алар менен эмне кыласыз?

Телефонго келсек - бул адамдын жеке мейкиндиги жана ар бир түгөйдө эркиндиктери жана чектөөлөрү боюнча өз ара келишимдери болот.

Балким, бири-бириңер менен диалог куруп, ачык сүйлөшүп көрөсүңөр, күч колдонуунун кереги жок. Ачыгын айтканда, бири-бириңер менен мамиле түзүү кайненеңиздин иши эмес. Эгер сүйлөшө албасаңар, анда адиске кайрылсаңар болот.

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт