Кош бойлуу гепатит В болуп калса, ичиндеги балага зыяны тийбейби?
Саламатсызбы! Анализ тапшырсам гепатит В деп чыкты. Боюмда бар, 27 жума. Дарыгерлер кандай дарылашты билбей жатат. Балага зыяны тийбейби? Эми эмне болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кош бойлуулук учурунда гепатитке анализ тапшыруу милдеттүү болуп саналат. Бул анализ каттоодон өтүп жатканда тапшырылат.
Кош бойлуулук учурунда гепатит дарыланбайт, анткени дары-дармектер бала үчүн өтө уулуу болуп саналат. Эми дарыгерлер вирустун басымын, боордун анализин гана көзөмөлдөп турат.
Сөзсүз түрдө дарылоону качан баштай тургандыгын чечип бере турган гепатологго кайрылуу зарыл. Балким, төрөттөн кийин, эмчек эмизүүдөн баш тартуу же баланы эмизип бүткөндөн кийин башталышы мүмкүн. Баары гепатиттин өтүшүнөн көз каранды.
Жолдошуңузду дагы сөзсүз түрдө текшерүү керек, анткени гепатит жыныстык жол менен жугушу ыктымал.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.