18 жаштамын, жыныс мүчөм кычышып жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 18 жаштамын. Мени тынчсыздандырган нерсе асты жагым кесилип оорутуп жатат, анан дагы кычышат. Эмне кылсам болот? Учурда эч кимге айта албайм, апам кичинекейимде каза болуп калган. Жардам берип коесузбу. Жагымсыз жыттанган суюктук келбейт, жыныстык катнаш менен жашабайм. Беш ай болуп калды.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Апаңыздан эрте айрылып, таянар адамыңыз жок болуп калганы абдан өкүнүчтүү. Бирок 18 жашта экенсиз, демек бой жеткен адамсыз, өз алдынча чечим чыгара аласыз.
Жыныс мүчө түрдүү себептерден улам кычышуусу мүмкүн. Бул ар кандай куракта болот: кичинекей кыздардан баштап чоң энелерге чейин. Дарылоо кычышууну пайда кылган себепке жараша дайындалат.
Жашаган аймагыңыздагы жергиликтүү гинекологго кайрылууну сунуштайм. Толук текшерүүдөн өткөндө гана сурооңузга так жооп жана тиешелүү дарылоо курсун аласыз. Эгер шаарда болсоңуз, мага келиңиз, жардам бергенге аракет кылам.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.