Күйөөм алимент төлөй албай ага жалдырап барышымды каалайт. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 2017-жылы күйөөм менен ажырашып кеткем. Он жыл чогуу жашадык, үч балабыз бар. Балдарды өзүмө калтырууга шарт жок болгондуктан, атасына таштап Москвага жумушка келгем. Ажырашканыбыздын себеби күйөөмдүн ичкилиги, кол көтөрүүсү болду. Өзүмдүн апама балдары берейин десем, ал экинчи күйөөсү менен жашайт, атам жок.
Балдарым атасы менен үйүбүздө калган. Аларга 2017-жылдан бери алимент төлөйм. Кичүү балам бир жашта болгонуна байланыштуу 4800 сомдон чыгарган экен. Эми 6800 сом болуп көбөйүп кетиптир. Эмнеге балам үчкө чыкса дагы азайбай, көбөйүп жатат? Бул жактан аз айлык алам, 30 миң рублдай. Анын жыйырмасы батирге, жол киреге, тамак-ашка кетип калат. Кыргызстанга барсам 6800 сомду кантип төлөйм? Күйөөм алиментти төлөй албай ага жалдырап барышымды каалап жатат. Үйдү, балдарды талашкан жокмун. Балдарым менен сүйлөшйүн десем, алар каалашпайт. Азыр Москвадамын, үч жыл болду. Кыргызстанга барайын десем, алиментен мени 67 миң карыз кылып койгон. Аны төлөбөсөм аэропорттон Москвага чыгарбайт экен.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алименттин суммасын азайтса болот. Анткени КРнын Үй-бүлө кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүгүндө "Эгерде алимент төлөбөө бул адамдын ооруп калышына жана топтолгон алименттердин карызын жандырууга мүмкүндүк бербеген дагы башка далилдүү себептерден улам болгонун сот аныктаса, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын доосу боюнча аны карызды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууга укуктуу" деп көрсөтүлгөн.
Демек, сиз алимент төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Ал эми, үй маселеси боюнча айтсам, эгерде үй ортодогу мүлк болгон болсо анда мүлктүү бөлүштүрүү боюнча мүлк жайгашкан жер боюнча сотко кайрылсыңыз.