Даярдоо класстагы окуучуга мугалим кордоо көрсөтсө кандай чара колдонулат?
Саламатсызбы! Эгерде 5-6 жаштагы, башкача айтканда даярдоо класстагы окуучуга мугалим тарабынан кордоо көрсөтүлсө, мугалимге кандай чара колдонулат? Мыйзам чегинде кандай болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатсызбы! Мугалимдин жоопкерчилик деңгээли ден соолукка келтирилген зыяндын деңгээлине жараша болот. Мисалы, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы "Жазык" кодексине ылайык, физикалык оорутууга алып келген токмоктоо же башка зомбулук аракеттерин жасоо, I категориядагы айып салууга (40 000 сомдон 60 000 сомго чейин) же коомдук жумуштарга тартууга алып келет. II категория (40 сааттан 60 саатка чейин).
Өз кезегинде, адамдын ден-соолугуна кыска мөөнөттөгү ден-соолуктун бузулушуна алып келбеген зыян келтирсе, I категориядагы айып пул салынат (40000 сомдон 60000 сомго чейин) же I категориядагы коомдук жумуштарга тартылган (30 сааттан 40 саатка чейин).
Кошумча маалымат алуу үчүн юристке кайрылыңыз.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.