Сүйлөшкөн кызым экөөбүз петтинг менен алектендик. Зыяны тийбейби?
Саламатсызбы! Менин сүйлөшкөн кызым бар. Экөөбүз петтинг менен алектендик. Сүйлөшкөн кызыма же мага зыяны жокбу? Муну менен көп алектенсе эмне болот? Коркуп жатабыз.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Көптөгөн түгөйлөр, айрыкча жаштар, мамиленин башталышында, никеге чейин петтинг менен алектенишет. Мунун эч кандай жаман жери жок. Бул мастурбация менен жыныстык катнаштын ортосундагы нерсе десек болот. Эгерде жыныс мүчөңүз кирбесе, тобокелдиктер минималдуу. Ошол эле учурда, сифилис, ВИЧ инфекциясы, гонорея, трихомониаз, жыныстык герпес ж.б ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.