// //

Кайын энем көшөгөгө киргизип алып айткан сөзүн унутпайм

2021.02.28, 15:40
13201

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

“Чоң апама барабыз!” Бирөөсүн кийинтип бүткүчө, экинчиси чечинет. Үйдү кулптап, машинага түшүп, эми жөнөйлү деп жатканда “апа, сием” дегенде, тоо жаңыртып бакыргың келет. Бирок, ата-эне болуу оңой деп эч ким айткан эмес. Айла жок, кайра үйдү ачасың. Актөш шыйпаңдап “бат эле келип калышты”,-деп сүйүнөт. Баламды ээрчитип алып чыксам, күйөөм кызымды тосуп жаткан болот. Экөөбүз бири-бирибизди карап каткырабыз.

Шаардан алыстап талаага чыктык. Менин алтындай болгон кайын энем, балдарымдын чоң энеси бир жылдан бери тээ жактагы мазарда жатат. “Апа, ыйлабачы!” Уулум көз жашымды аарчып бетимен өбөт. Кызым чоң апасы таарына турганын эскертет. Күйөөм байкатпай мурдун тартып коет.

Чөптөрүн отоп, куран окуйбуз. Балдарыбыз чоң энесине деп тарта келген сүрөттөрүн көрсөтүшөт. Кылган тентектиктерин айтып даттанышат. Анан күйөөм балдарыбызды ээрчитип машина жакка бет алат. Мен бир топко чейин өткөн кеткенди эстеп кайын энем менен кобурашып отурам.

Жаңы келин болуп келген күнүм. Толкунданганымдан жүрөгүм чыгып кетчүдөй согот. Күйөөм достору менен сүйлөшүп келатат. А менин көзүм жолдо. Шарлар байланып турган үй көрүндү. Колуна ак жоолук кармап алып жолду карап турган апаны көрдүм. Периштенин өзү күтүп тургандай сезим калтырды. Машинадан түшөрүм менен “кош келдиң кызым”,-деди. 

Көшөгөгө алып кирип отургузду. Көз жашымды сүртүп бир саамга карап турду. Анан колундагы шакегин алып мага такты. Колдору ушунчалык жумшак эле. Дагы бир жолу карап, “Айланайын кызым, берекем, кара-тору уулумдун жашоосуна көрк берген периштем. Билем, азыр толкунданып, эртеңки жашооң кандай болоруна кабатыр болуп отурасың. Сага бир нерсе айтып коеюн. Бул үйдөн эч качан ыйлабайсың, тек гана бактылуу болосуң. Бул шакекти мендей балпайган байбиче болгондо, келиниңе тагасың.”

Курсагым курулдап кетти. Ошондо эртеден бери эч нерсе жей элек экенимди эстедим. Кайын энем сыртка чыгып эт, шорпо анан боорсок көтөрүп келди. Экөөбүз отуруп алып тамактандык.

Бир дагы жолу кабагын салбады. Кара жумуш берип сынабады. “Кызым, курсагың токпу, кайгың жокпу”,-деп тамашалап эле басып жүрчү. Неберелүү болорун укканда так секирип сүйүнгөнү дале эсимде. Күйөөмдүн кичинесинде кийген кийимдерин катып коюптур. Ошолорду алып чыгып күнгө жайып, уста кошунабызга бешикке буйрутма берди. Сарайда сатабыз деп алып калган кара козу бар болчу. Ата-энемди чакырып аны сойду. Ошол бактылуу күндөрүмдү сагынам.

Эки небересине күн сайын жомок айтып берет. Мени сулуу ханбийке, күйөөмдү ач карышкыр коет. Күйөөм чычаласа, кайын энем ого бетер ач карышкырды тоодон кулатып, мергенге куйругун аттырат. Балдарым күлөт. Күйөөм таарынат.

“Чоң энеңер саякатка кетип жатат. Кечинде түшүңөрдөн көрүшөбүз.” Неберелерин өөп, күйөөм экөөбүздүн колубузду кармаган бойдон кайтпас сапарга кетти.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт