// //

Шахрух Кханга окшош жигитке жолугуу үчүн акча бергенимди эстеп өкүнөм

2021.02.26, 16:22
12085

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш кыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жигитим менен, ой, мурунку жигитим менен эки жыл кыз-жигит мамилесин курдук. Ал учурда мен биринчи, ал төртүнчү курстун студенти эле. 

Чынын айтсам, мен биринчи аны жактырып калгам. Ары өтсө деле, бери өтсө деле карай берем. Факультеттин президентти болгондуктан, студенттердин чогулушун бир айда бир-эки жолу өткөрөт. Аны көрүш үчүн башка группалаштарымдан биринчи барып алдыңкы орунга олтуруп алам. Сүйлөп жатканда индия киносун көрүп жаткандай эле болом. Эмнеге? Анткени ал индиялык актер Шахрух Кханга окшош. 

Жалдырап карай бергенимди байкаганбы же мени дагы жактырып калганбы билбейм, жакындан таанышып сүйлөшүп кеттик. Башында акылын айтып, билбеген нерселеримди үйрөтүп турчу. Чогуу түштөнүп да калчубуз. Биринчи семестр бүтүп каникулга тарадык. Каникул бүткүчө ватсаптын жанын тындырган жокпуз. Сүйүп калдым. 

Окуу башталганда аны өзүмдүн жигитим кылып алдым. Ал мага “сүйлөшкөн кызым болчу” деп деле айткан жок. Мен эле менчиктеп алдым. 

Бир жылга жакын сүйлөшкөндөн кийин баары башталды. "Кечке интернетте олтурба", "Сабактан чыгаарың менен үйгө кет", Тиги группалашың менен дос болбо", "Бул курсташың менен эмнеге сүйлөшүп турдуң" ж.б.  Кошумча курстарга катыша баштасам, "анын сага эмне кереги бар, баары бир айылга турмушка чыгасың да" дейт. Маданият, спорттук иш-чараларга катышып калсам, "Кимге көрүнгүң келип жүрөт",  кыскараак юбка, көйнөк кийип, чачымды түздөп, оозумду боеп калсам "Кимге жагайын деп жатасың?"... Ушул сыяктуу тыюулары, басынтуулары көбөйдү. Кыз кишинин жакшы көрөрүн эркек билип алса өз билгенин кылып кылат турбайбы. 

Ошол эле учурда мага салган тыюуларын өзү бузат. Менин көзүмчө башка кыздар менен жыргап жүрөт. Башкаларга мени сүйлөшкөн кызым деп тааныштырбайт. Бир жака барса өзү жалгыз барат. Кечке социалдык тармактарда жүрөт. Кысылып, кыйналып кеткенимди билсем да андан баш тарткым келбей жүрө бердим.

Ал окуусун бүтүп кетти. Жумуш таппай бош жүрүп калды. Мени менен деле иши жок. Жолугалы дегенде сүйүнүп барам, узатып жатып менден акча сурайт. Жолукканыма ыраазы боло жанымдагы болгон акчамды берем. Ушинтип убакыт өтө берди. 

Бир күнү мен жок болсом эмне кылат экен деп, телефонумду өчүрүп, социалдык тармактарга 2-3 күндөй кирбей койдум. Эмне болмок эле, издебептир дагы. Ошондо ызаланып аябай ыйлагам. 

Окуума көңүл коюп, каалап жүргөн гитара курсуна жазылдым. Студенттик иш чараларды калтырбай, өзүмө болушунча көңүл бура баштадым. Өзүнө болгон бааны, ишенимди көтөрүүнү үйрөтүүчү китептерди окудум. Ар кандай вебинарларды көрдүм. Менчиктеп алган жигитимди кое бердим. Өзүмдү эркин сезип, алдыга койгон максаттарыма кадам шилтеп келе жатам. Ийгиликсиз мамиледен өзүмдү баалаганды, сыйлаганды үйрөндүм. 

Тиги эмне болду айтайынбы? Ал азыр мени “свиданиеге” чакыра албай убара. Жооп бергим да келбейт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт