Абайлаңыз, картаңызга кол салган "мошенниктер" көбөйдү
Урматтуу кардарлар! "Айыл Банк" интернеттен онлайн сатып алууларды жүргүзүп жатканда сак болууга чакырат.
Интернетте онлайн сатып алууларды же сатууларды жүргүзгөн жана курьердик кызматтардын кызматын көп пайдаланган адамдарды тузагына илген шылуундар көбөйдү. Алар төлөм карталарынан акча алып, өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат.
Ошондой эле, сатып алуучунун атын жамынып жарнама кызматынын колдонуучулары (сатуучулар) менен байланышып, товарларын курьердик кызматтар аркылуу сатып алууну сунушташат.
Эгер макул болсоңуз, анда ал жасалма жеткирүү кызматынын сайтына шилтеме жөнөтөт. Сайт дизайны же аталышына чейин берки сайтка окшош болгондуктан, эч нерсени байкабай калышыңыз мүмкүн.
Шылуун сатып алуучу сатуучуга товарларды жөнөтүү үчүн картасындагы маалыматтарды толтуруп берүүнү сунуштайт. Картадагы маалыматын алгандан кийин, картаны төлөм каражатына / электрондук капчыкка / мобилдик банкингге байлап, ырастоо үчүн SMS аркылуу келген кодун сурайт.
Сатуучу өзүнүн телефон номерине SMS-код алат, ушул кодду ошол эле жасалма жеткирүү кызматынын сайтына киргизип, товарын күтөт. Бирок, шылуундар картасындагы акча каражаттарын чечип алышат дагы жок болуп кетишет.
Эсиңизде болсун:
- электрондук почта, мессенджер, чаттар жана бейтааныш адамдардан келген социалдык тармактардагы билдирүүлөр аркылуу жөнөтүлгөн шилтемелерди баспаңыз,
- картаңыздагы жеке маалыматты эч кимге бербеңиз (картанын номери, жарактуулук мөөнөтү, CVV),
- сатып алууларды жүргүзүү үчүн текшерилген сайттар аркылуу гана төлөңүз.
Кошумча суроолор боюнча ab.kg сайтына кирсеңиз болот.