// //

Өз алдынча чечим чыгара албайм, баарын ата-энем билет. Тажадым...

2021.02.25, 11:50
1056

Саламатсызбы! Мен 19 жаштагы студент кызмын.
Жашоону өзүм теңдүүлөргө караганда эрте түшүнүп алгандай сезиле берет. Ага көп себептер болду.

Ата-энемдин ортосунда жылуу мамиленин жоктугу, уруш-талаш, чечилбес көйгөйлөр. Угуп, көрүп ушунча нерв болуп ыйлачумун.
Эми окуу учурунда апам каалаган нерсе болот, мен каалаган нерсе эч качан болгон эмес. Ак топу алам десем кара топу аласың деп урушуп койчу. Үйгө конок келгенде мага суроо беришсе, апам жооп берчү.

Университетке тапшыруу убагы келгенде да өз оюмду айта алган жокмун. Ким болосуң, кайсы тармак жагат деген суроолор да болгон жок. Өздөрү каалаган престиждүү факультетке тапшыртышты.

Карантин убагында айылга келип ошондон бери кете албай жүрөм. Кантип өз оюмду ачык айтсам болот? Кетип иштейм десем, шаарда жумуш жок деп сөздүн аягына чыгып коюшат.

Башымда жоолугум, беш убак намазым турса да ишенишпейт. Тагдырга жазылган бардык сыноолорго, жада калса ушундай үй-бүлөдө төрөлгөнүмө да ыраазымын. Бирок көп нерсе көкүрөгүмдө катылып, элдерге аралаша албай, бат тил табыша албай жабык болуп калдым.

Эми ата-энемдин эң көп берилген суроосу: "Эмнеге сүйлөбөйсүң?" Жообун айтып, түшүндүрүүгө сөзүмдү короткум келбей, унчукпай кутулам. Эми шаарга кетип, бир күн болсо да тынч, нервденбей жашагым келет. Бирок кетирбөөнүн айласын издеп, өздөрү каалагандай чечим кабыл алып жатышат. Мен тажадым...
Алдын ала сизге рахмат!

"Билесиңби" порталын дайыма окуйм, ишиңизге ийгилик!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2021, 11:59

Ширин Амантурова 

Психолог 

Саламатсызбы! Окурман, чын эле өкүнүчтүүсү ата-энеңиз жашооңузга болушунча кийлигишип алгандай. Ата-эне өз баласына жамандык каалабайт, бирок ошондой болгон учурда деле сиз жеке чек араңызды белгилей билгенди үйрөнүшүңүз керек. Өз оюнузду, эмнени каалап жатканыңызды, ата-апаңызга жакшы көрөөрүңүздү, сыйлаарыңызды, сизге берген тарбияларына рахмат айтып, бирок ошол эле учурда алардын чектен ашкан чектөөсү сизге жакпасын ачык айтыңыз. Ата-энеңиз ошондой чектөөлөрдү, кыз кишини катуу кармаш керек деген сыяктуу өздөрүнүн түшүнүктөрү менен туура кылып жатабыз деп ойлошоттур. Бирок ата-энеңиз өмүр бою сиз менен бирге болбойт да. Сиз дагы эртеби кечпи өз алдынча жашооңузду улантасыз.

Ата-энеңер менен ачык отуруп сүйлөшүңүз. Унчукпай коюп кутулам деп жатасыз, унчукпай коюудан маселе, көйгөй чечилбейт. Ал көйгөй андан ары да курчуп кете берет.

Биринчиден өзүңүздү сыйлай билсеңиз гана жакындарыңыз, курчап турган адамдар сизди ошондой кабыл алат. Жакындарыңардын калоолорун эмес өзүңүздүн калоону укканду укканды үйрөнүңүз.

Бизге кат жазып, маселени чечкенге аракет кылганыңыз алгачкы кадамдар. Өзүңүздүн алыңыз жетпесе башкалардан жардам сурагандан тартынбаңыз. Ийгилик каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт