14 жаштамын, төшүмө топ тийип ооруп жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 14 жаштамын. Кыздар менен топ ойноп жатып, төшүмө топ катуу тийди. Эртең менен турсам төшүм катуу болуп калыптыр, кармасам аябай ооруп жатат. Эмне кылсам болот?
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатсызбы! Сизди текшербей туруп бир нерсе деп айтуу кыйын. Жакшысы, маммологго, ал жок болсо, гинекологгго, хируругга консультацияга барып, көрсөтүп, УЗИге түшүп коюңуз. Балким, гематома пайда болду. УЗИден кийин себеби билинет. Эгер баары жайында болсо, оорутуу өзү эле кетип калат.
Ден соолукта болуңуз!
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Саламатсызбы мен жакында эле торогом кызым торолгондо козуно двух сторонний коньюктивит деген диагноз коюшту дарылаганыбызга 13 кун болуп калды чылпактаганы кетип жакшы болуп калды бирок козун коп ачпай жатат бул коркунучтуу эмесби кызымдын торолгонуно 1 ай болуп калды