Сиңдим кыздарын таштап кеткен күйөөсүнөн алимент өндүрө алабы?
2021.02.24, 10:27
451
Менин бир тууган сиңдим айылга турмушка чыккан. Экинчи кызын төрөгөндөн кийин күйөөсү таштап кетти. Ошол бойдон жок. Эми эки кызына алимент өндүрсө болобу? Сиңдим өзү Москвада кыздарынын келечеги үчүн иштеп жүрөт. Кыздары апамдын колунда.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.02.2021, 10:39
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылып, күйөөсүнөн алимент өндүрө алат. Эгер сиңдиңиз чет жакта жүрсө, алимент өндүрүү үчүн сизге же сотко катышып алимент өндүрүү иштерин алып баруучу инсандын атына ишеним кат жиберүүсү керек болот. Ишеним каттын негизинде сотко анын өкүлү катары кайрылып кыздарына алимент өндурүү боюнча иш алып барасыңар.
0
Пайдалуу жооп