Чарчап баратсам милиция "ичип алгансың го" деп токтотту. Бул кылганы туурабы?
Саламатсызбы. Бир суроо сурайын дедим эле. Патруль кызматкерлери кызуу адамды кармоого укугу барбы? Айталы, эч кимге тийишпей жөн эле кетип бараткан адамды. Бүгүн мен соо эле болчум, жөн эле жумуштан кийин аябай чарчап кетип бараткам. Милициянын штабынын жанынан өтүп баратсам "сен ичип алгансың го, жүрсөң",- деп киргизди, бирок кайра кое беришти. Мага жакпаганы алардын мамилеси, сүйлөгөн манерасы болду. Эгерде чын эле ичип алган болсом эмне болмок эле? Ага дагы штраф барбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман!
1. Сиз мыйзам бузбаган учурда милициянын бөлүмүнө алып барууга укуктары жок. Мыйзам бузуу болгон учурда дагы, эгер адамдын жанында өздүгүн тастыктоочу документтери болсо, милиция бөлүмүнө алып барбай, мыйзам бузуу болгон жерде протокол түзүп берүүлөрү керек.
2. "Сен ичип алгансың го, жүрсөң" деген сөздөр менен мамиле кылуу, алардын кызматтык этикасына туура келбейт. Анткени милиция кызматкери кызмат өтөөдө жарандарда милиция кызматына карата ишенбестик келтирүүчү жагдайларды түзбөш керек. "Сиз" деп кайрылып, өзүн тааныштыруусу, кайрылуусунун себебин түшүндүрүүсү зарыл болот.
3. "Эгерде чын эле ичип алган болсом эмне болмок эле" деген сурооңузга токтолсок. КРнын бузуулар жөнүндөгү кодексинин 81-беренесинде "Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто, же болбосо башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды колдонуу же спирт ичимдиктерин ичүү, ошого тете коомдук жайларда адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактоочу мас абалында жүрүү, 3-категориядагы айып пул салууга алып келет (5500 миң сом)",- деп көрсөтүлгөн.