// //

Резюмеге жашыңызды, дарегиңизди жазбаңыз. Жумуш издегендерге кеңеш

2021.02.19, 12:49
3470

IT-компаниянын түптөөчүсү жана башкаруучу директору Динара Руслан жумуш издеп жүргөндөр үчүн пайдалуу кеңештери менен бөлүштү. 

Codify Lab’га сатуу менеджери үчүн вакансия ачып, сынак жарыяладык. Акыркы эки жумада 100дөн ашык резюмелерди карап чыгып, 20дан ашуун талапкерлер менен маектештик. Ошондо мени бир нерсе аябай өкүндүрдү: көп талапкерлер эмне үчүн бул кызматты ээлегиси келгенин жана жашоодон эмнени кааларын билишпейт экен.

1) Резюме жазганды үйрөнүңүз.

Резюмеде эң маанилүү маалыматтар, башкача айтканда, тажрыйба, билим жана негизги көндүмдөр камтылышы керек. Буга чейин эмне менен алектенгениңди, компания үчүн эмне кыла аларыңды сөзсүз көрсөтүү зарыл.

Жашыңызды, дарегиңизди, айдоочулук күбөлүгүңүз барбы же жокпу, бойдоксузбу же үй-бүлөлүүсүзбү жазуунун кажети жок.

Селфиге түшкөн сүрөтүңүздү дагы жүктөп убара болбоңуз. Хоббиңиздин ордуна, кандай жөндөмдөрүңүз бар, ошону жазыңыз. Мисалы, "бир нерсени бат үйрөнөм", "Google docs жана CRM сыяктуу программаларды колдонгонду билем" ж.б. сыяктуу.

2) Резюмеңизге мотивациялык кат тиркеңиз.

Эгерде тажрыйбаңыз жок же жетиштүү эмес болсо, сөзсүз түрдө мотивациялык кат жазышыңыз керек. Антпесе резюмеңизди эч ким карабайт. Дегеле, жумуш издегендер мотивациялык кат жазууну адат кылып алса сонун болот. Билбегендер үчүн интернетте мисалдар көп. Айтып коеюн, аларды көчүрүп убара болбоңуз. Баары бир билинип калат.

3) Катты темасы жок жазбаңыз.

Электрондук почтадан кат жөнөтүп жатканда, аталышына сөзсүз түрдө кайсы кызмат ордуна экенин жана аты-жөнүңүздү жазыңыз. Болбосо катыңыз автоматтык түрдө келбей калат же спамга түшүп кетет.  

4) Бош кат жөнөтпөңүз.

Резюме гана тиркелген бош кат сиз жөнүндө жаман пикир калтырат. Каттын ичине дагы бир нерселерди жазып коюну унутпаңыз. Жок дегенде: “Саламатсызбы, менин атым мындай жана сиздердин компанияда иштегим келет.” Жөн гана резюме тиркелген бош кат мүмкүнчүлүгүңүздү азайтат. Жумуш берүүчү сизди жалкоо же учурашканды билбейт деп ойлоп калышы мүмкүн.

5) Телефон аркылуу маектешүүгө даяр болуңуз. 

Убакытты текке кетирбеш үчүн жумуш берүүчүлөрдүн көбү алгач телефон аркылуу маектешет. Эгерде сиз жумуш издеп жатсаңыз, анын үстүнө бир-эки жерге резюмеңизди таштаган болсоңуз, анда ар дайым чалууларга жооп бериңиз, сылык сүйлөңүз. Муну баары эле билет деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок андай эмес. Өзүм кызыгып бир-эки талапкерге чалып көрдүм, жоопторду мени аябай таң калтырды.

6) Эң  негизгиси интервью экенин унутпаңыз.

Интервьюнун максаты - бул кызматка канчалык деңгээлде туура келесиз, канчалык тез үйрөнөсүз, сизге ишенсе болобу же жокпу аныктоо.

Берилген суроолорго сылык жооп бериңиз. Калп айтып убара болбоңуз, дароо сезилет.

Дагы бир айта кетчү нерсе бар. Мисалы, юристте окуйсуз, бирок спортчу болууну каалайсыз, IT тармагынан жумуш караштырып жатасыз дейли. Бул учурда “Эмне үчүн IT компаниядан издедиңиз?” деген суроого так жообуңуз болушу керек. "Убактылуу акча табуу үчүн" же "өлкөмө жардам берүү үчүн" деген жооптор жарабайт.

Эмнени каалайсыз, кайсы тармакта, кандай кызматта иштегиңиз келет, так чечип алгандан кийин гана жумуш издеп баштаңыз.

Эгер бир нерсени катуу эңсесеңиз жана ага жетүүнү кааласаңыз, анда сөзсүз ийгиликти багынтасыз. Жумуш берүүчү мотивацияңыз бар экенин сезгенде дароо кабыл алат. Анткени, эптеп 9дан 6га чейин чыдап отурган кызматкерге караганда, мотивациясы бар адамдын бир нерсеге жеткиси келип турганын байкабай коюу мүмкүн эмес. 

Интервьюңуз ийгиликтүү өтсүн!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт