Москвада төрөлгөн уулумду өзүмдүн фамилияма өткөрө албайтам. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Биз Москвада турмуш куруп, ошол жактан балалуу болдук. Нике күбөлүгүбүз жоктугуна байланыштуу уулум төрөтканадан аялымдын фамилиясы менен чыкты. Учурда Ошко келдик. ЗАГС алдык. Уулумду өзүмдүн фамилияма өткөрөйүн десем, болбой турганын айтып коюштиу. Чын эле уулумду өзүмдүн аты-жөнүмө өткөрө албай каламбы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Биринчиден, балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү кайсы жерден алынган: Кыргыз Республикасынын элчилигиненби же Москва шаарынын ЗАГС бөлүмүнөнбү. Катталган жери жана аталык аныкталгандан кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүккө өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Эмне үчүн Москва же КРнын ал жактагы элчилигинен катталганын тактап жатабыз? Эгерде Москва шаарындагы ЗАГС бөлүмүнөн алынса, аларга "запрос" жөнөтүлөт, ошого байланыштуу бир аз убакытты алып калышы мүмкүн. Биздин адистер менен байланышыңыз 0312 62 15 81, же мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40, 119 кыска номерине чалсаңыз жардам бергенге аракет кылабыз.
Ийгилик!