Ата-энем "бизди багасың, башка нерсе колуңдан келбейт" дей беришет. Эмне кылсам?
Саламатсызбы! Менин суроом мындай эле. Мен өзүм 15 жаштамын. Көп бир тууганбыз, кыздар көп, бир эле бала. Кыздардан бирөө эркекке окшоп атасына жакын болот го, ошол кыз менмин. Үйдө ата-энем эжемдердин, бөбөктөрүмдүн кареги менен тең айланат, каалаганын кылышат. Алар кружокторго катышып, көп жерлерге барып, каалаганын кылат. Мен дагы көп тил үйрөнүп, келечекте журналист болгум келет. Аны атама айтсам "сенин шыгың жок, жөн эле койчу, андан көрө оокат кыл",- дейт. Өзүм мектепте жакшы окуйм. Азыр аларга бир нерсе айтайын дегенден уялам, айткым дагы келбейт. Мага кандай кеңеш бере аласыз? Ата-энем менен кантип сүйлөшсөм болот? Өз оюмду айтсам эле "колуңан келбейт", "койчу", "андан көрө бизди бак", "күйөөгө кийин 30дан ашканда деле жетишесиң" деген сөздөрдү айтып урушуп коет. Кантип алар менен ой бөлүшсөм болот?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатсызбы! Сурооңуз үчүн чоң рахмат. Журналист болом деген жакшы ички мотивацияңыз бар экени абдан кубандырат. Эгер адамдын бир нерсеге жетише алам деген каалоосу болсо, ал сөзсүз жетет. Андыктан, чет тилдерди үйрөнүп, билим алууну уланта бериңиз.
Ошол эле кезде атаңыз менен "ата, мага сиздин жылуу сөздөрүң, колдооңуз керек, сиз антип айтканда жүрөгүм ооруйт",- деп ачык сүйлөшкүндү үйрөнүңүз.
Сиз абдан туура айттыңыз, биз үчүн ата-эне авторитет. Алар бизди басынткан сайын өзүбүзгө болгон баа түшүп кетет. Бирок, сизде ички мотивацияңыз бар экен. Аны менен көптөгөн ийгиликтерге жете аласыз, болгону токтоп калбаңыз. Ошол эле учурда ата-энеңиздин сөзүн мотивация кылып алсаңыз болот. Мисалы, шыгың жок десе, шыгым бар, жетишем, окуй алам деп алдыга багыт алыңыз.
Сизге ийгилик каалайм!
Психолог Нуриза Батырбековаменен инстаграмдагы danak_er баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.