// //

Кызыл китеби бар жериме иш козголуп жатат. Эмне кылам?

2021.02.12, 09:28
1624

Саламатсызбы! 2014-жылы кызыл китеби бар жер сатып алганбыз. Эми ошол жерге шаардык сот тарабынан иш козголуп бизди сотко чакырып жатышат.

2004-жылы трансформациялоо болбой эле чекке берилген экен. Биз эмне кылышыбыз керек? Трансфармациялоонун айынан чекке берилген токтом, алуу-сатуулар жокко чыксын деп жатышат. Сөзсүз жооп алып бериңизчи, айылда 5-6 үйгө ушундай кат келди.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.02.2021, 09:34

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман, чындыгында мындай көрүнүштөр бар. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн 2020-жылдын 13-ноябрында "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам кабыл алынган.

Ал эми, бул мыйзамдын максаты айыл чарба өндүрүшүндө колдонууга жараксыз же жеке менчик укугунда мамлекеттик актыларга ээ болгон сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) мүмкүнчүлүк берүү, болуп эсептелинет. 

Демек, сиз соттук териштирүүлөргө ушул жаңы мыйзамдардын негизинде, сизге карата келтирилген доо арызга каршы пикир жазып кайрылууңуз керек болот. 

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт