// //

Кайын энеме баламды таштап кетсем көргөзбөй жатат. Эмне кылсам болот?

2021.02.11, 10:05
1672

Саламатсызбы! Жолдошум менен сот аркылуу 2020-жылдын август айында ажырашканбыз. Ортодо балабыз бар. Экиге чыгып калды. Жашоо шартымды оңдош үчүн чет жакка кеткем. Баламды кайын энем убактылуу багып берем деп алып калган. Нотариус аркылуу убактылуу багуусуна макулмун деп кагаз жазып бергем. Учурда баламды көрсөтүшпөйт, чалсам алышпайт. Чет жакта жүргөнүмө төрт ай болду. Бир жылга жакын иштейин деп план түзүп жатам. Бир жылдан кийин барып баламды алсам болобу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.02.2021, 12:13

Ширин Алмазова

“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат

Саламатсызбы! Учурдагы мыйзамдарга ылайык, ата-эненин экөө тең балдарына карата бирдей укукка ээ, ошондой эле бирдей жоопкерчилик тартышат. Мыйзам боюнча, балаңызды чоң энеңизден кайтарып берүүнү талап кылууга укугуңуз бар. Эгер ал баш тартса, анда ата-энелик укуктарын коргоо боюнча сотко доо арыз менен кайрылыңыз. Жаш баланын кызыкчылыгын коргоону, ошондой эле баланы тарбиялоо жана өстүрүү үчүн түзүлгөн шарттарды, материалдык абалды эске алып, сот баланы сизге өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Кошумча маалымат алуу үчүн юристке кайрылыңыз.

Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:

Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?

Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет

Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет

Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт