Каттоосу айылда болгондор шаардан сүйүнчү пулду алалабы?
Саламатсызбы! Жакында экинчи баламды төрөйм. Бишкекке жакында келдик. ЗАГС кагазыбыз жок, каттообуз бул жакта эмес. Сүйүнчү пулду кантип алсак болот?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Бала төрөлгөндөн кийин алты ай өткөрбөй өзүңүзгө жакын жайгашкан ЗАГС органдарына же жарандарды тейлөө борборлоруна (ЦОН) паспортуңуз жана балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кайрыласыз. Эгерде өзүңүз барып документтерди тапшырууга шартыңыз жок болсо, нотариалдык түрдө дайындалган өкүлүңүз кайрылса болот.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.