Беш жаштагы балабыз бизден качып жатат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Менин балам 5 жашта. Чоң апасына конокко барганбыз, анан балам калам деп калып калды. Бир ай болду. Эми алып келели десек "барбайм, алып кетпегиле",- деп ыйлап жатат. Мен аябай жаман болуп жатам. Өзүбүздүн балабыз өзүбүздөн качып жатат. Эмне кылсак болот?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатсызбы! Сурооңузду окуп чыктым, тилекке каршы, маалымат аябай аз экен. Жалпылап, жооп бере кетсем.
Ар бир адамда төрөлгөндөн баштап кандайдыр бир байланыш болот. Балким, балаңыздын ошол байланышы чоң апасы менен түзүлүп калган. Ар бир адамдын, ошол эле кичинекей баланын муктаждыктары бар. Балким, балаңыз өзүнүн эмоцианалдык муктаждыктарын чоң апасынын жанында жүргөндө кандырат.
Өзүңүздөн сурап көрүңүз: Мен балама эмнени берем? Ал мага эмнени берет? Балама болгон мамилем кандай? Чоң апасы жөнүндө кандай ойлору бар? Андан ары кандайдыр бир иш-аракеттерге өтсө болот.
Эң биринчиден бала менен ачык сүйлөшкөн жакшы. Балага бир нерсе айтып жатканда, анын деңгээлине түшүп, көзүнө кароо керек. Ичиңиздеги сезимдерди ачык билдирсеңиз болот: “Балам, мен сени жакшы көрөм. Биз сени сагынабыз. Биз менен чогуу жаша.” Ошол эле учурда балага керектүү көңүл бурушубуз керек. Көңүл деген оюнчук алып берүү гана эмес, сүйүүбүздү, мээрибизди берүү.
Чоң апасы менен дагы ачык сүйлөшүңүз. “Апа, кандай кылсак болот? Бизге жардамыңыз керек? Тарбиялоонун сырын айтып бересизби?” ж.б.
Сизге ийгилик каалайм!
Психолог Нуриза Батырбековаменен инстаграмдагы danak_er баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.