// //

Бал көп жесе бел кубат көтөрүлөт деген чынбы?

2021.02.05, 10:13
2561

Саламатсызбы! Бал потенция үчүн жакшы деп уктум. Тактап айтканда, аны көп жесе бел кубат көтөрүлөт экен. Ушул нерсе чынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2021, 10:17

Болот Рысбаев

Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог 

Саламатсызбы! Негизи медицинада бал жесе бел кубат жакшырат деген маалымат жок. Ар бир көйгөйдү чечүү үчүн анын келип чыгуу себебин билүү керек. Бул үчүн урологго кайрылып, бир катар анализдерди тапшыруу сунушталат. Эгер сизде эректилдик дисфункция маселеси болуп жатса, өз алдынча дарыланып же элдик методдорду жасап убакыт коротпостон урологго кайрылыңыз. Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
09.02.2021, 01:25

Саламатсызбы жашым 24 учурда бир уулум бар буйруса жакында 1жаш болот Ин Шаа Аллах тороттон кийин этек кирим ар айда ар кандай келе баштады бирде айдын башы бирде айдын аягы акыркы январь айынан бери аажат канага коп барчу болдум куйом мн кошулгандан гийин созсуз турдо аажат канага барам ошондо мочага кичине кан аралаш тушуп жатат выделения дагы акыркы  бир айдан бери курон тусто келип жатат эмнеден улам мындай болушу мумкун?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт