// //

Психолог: "Баладагы ишеничтин жоголушуна ата-эне күнөөлүү"

2019.01.17, 11:59
1455

Психолог, коуч Сейил Калдыбаева түз эфирде конокто болуп, кантип өзүнө болгон ишеничти жогорулатуу керектигин айтып берди. Ошондой эле, окурмандардын суроолорун жоопсуз калтырган жок. 

Видео: Баладагы ишеничтин жоголушуна ата-эне күнөөлүү

Суроолордун жоопторун төмөнкү видеоматериалдан таба аласыз

- Жан дүйнөң менен гармонияда болуунун канчалык пайдасы бар? Жашоо жеңилдейби? (убактысы: 0:07/0:29)

- Кантип өзүмдү жаман сөздөн, жаман көздөн сактайм? (убактысы: 0:30/1:41)

- Кыздар менен сүйлөшө албайм, себеби мен аларга ишенбейм. Эмне кылышым керек? (убактысы: 1:42/3:14)

- Мен 22 жаштамын. Бойлуу, сымбаттуу жигитмин. Артыман чуркаган кыздар көп, бирок алар мага жакпайт. Өзүмө жаккан кыздар менен мамиле кура албайм. Алар “жакпай калдым окшойт” деп ойлоп калышат. Тартынбай, эркин сүйлөшүүнү кантип үйрөнсө болот? (убактысы: 3:14/5:02)

- Эч жерге батпай сыгыла берчү болдум. Мунун себеби эмнеде? Өзүмө болгон ишенимдин жоктугунан болушу мүмкүнбү? (убактысы: 5:03/5:26)

Мен студентмин. Эч нерсе менен ишим жок, жашоонун кызыгы кете баштады. Кандай кеңеш бересиз? (убактысы: 5:26/7:02)

- Жигитим бар. Сүйлөшкөнүбүзгө эки ай болду. Бирок мен тартынчакмын. Сезимдерим тууралуу ачык айта албайм. Жигитим “мени жакшы көрбөйт окшойсуң” деп таарынат. Жакшы көрөрүмдү кантип айтам? (убактысы: 07:03/9:03)

 

Психологго суроолоруңуз болсо 0704 00 46 08 ватсап номуруна узатыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
C
Chinara Termechikova
21.01.2019, 22:48

Сейил Калдыбаева психолог катарында мыкты адис экен. Угуп олтуруп сыймыктандым. Азамат!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт