Психолог: "Баладагы ишеничтин жоголушуна ата-эне күнөөлүү"
Психолог, коуч Сейил Калдыбаева түз эфирде конокто болуп, кантип өзүнө болгон ишеничти жогорулатуу керектигин айтып берди. Ошондой эле, окурмандардын суроолорун жоопсуз калтырган жок.
Видео: Баладагы ишеничтин жоголушуна ата-эне күнөөлүү
Суроолордун жоопторун төмөнкү видеоматериалдан таба аласыз
- Жан дүйнөң менен гармонияда болуунун канчалык пайдасы бар? Жашоо жеңилдейби? (убактысы: 0:07/0:29)
- Кантип өзүмдү жаман сөздөн, жаман көздөн сактайм? (убактысы: 0:30/1:41)
- Кыздар менен сүйлөшө албайм, себеби мен аларга ишенбейм. Эмне кылышым керек? (убактысы: 1:42/3:14)
- Мен 22 жаштамын. Бойлуу, сымбаттуу жигитмин. Артыман чуркаган кыздар көп, бирок алар мага жакпайт. Өзүмө жаккан кыздар менен мамиле кура албайм. Алар “жакпай калдым окшойт” деп ойлоп калышат. Тартынбай, эркин сүйлөшүүнү кантип үйрөнсө болот? (убактысы: 3:14/5:02)
- Эч жерге батпай сыгыла берчү болдум. Мунун себеби эмнеде? Өзүмө болгон ишенимдин жоктугунан болушу мүмкүнбү? (убактысы: 5:03/5:26)
- Мен студентмин. Эч нерсе менен ишим жок, жашоонун кызыгы кете баштады. Кандай кеңеш бересиз? (убактысы: 5:26/7:02)
- Жигитим бар. Сүйлөшкөнүбүзгө эки ай болду. Бирок мен тартынчакмын. Сезимдерим тууралуу ачык айта албайм. Жигитим “мени жакшы көрбөйт окшойсуң” деп таарынат. Жакшы көрөрүмдү кантип айтам? (убактысы: 07:03/9:03)
Психологго суроолоруңуз болсо 0704 00 46 08 ватсап номуруна узатыңыз.