Абитуриентке: Бишкек медициналык колледжи
Биздин сайт буга чейин Инновациялык кесиптер институтуна караштуу колледж, Темир жол кесиптик лицейи, Байланыш жана маалыматтык технологиялардын кесиптик лицейи, Кыргыз авиациялык институттун орто кесиптик бөлүмү тууралуу маалыматтарды чыгарган. Бул ирет Бишкек медициналык колледжи тууралуу айтып беребиз.
Бишкектин медицина колледжи 11-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алат. Колледжге өтүү үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок, абитуриенттер ички тестирлөөнүн негизинде кабыл алынат. Тесттен жогорку баллдарды алган окуучулар бюджеттик бөлүмдөргө өтө алышат.
Төмөнкү адистерди даярдайт:
- медайымдык иш, контракты - 23 700 сом, бюджет бар;
- акушер, контракты – 23 700 сом, бюджет бар;
- медициналык алдын алуу - бюджеттик бөлүм;
- Ллабораториялык диагностика – бюджеттик бөлүм;
- тиш техниги, контракты – 25 000 сом, бюджет жок;
- фармацевт, контракты – 25 000 сом, бюджет жок.
Кирүү экзамендери:
- химия
- кыргыз же орус тили
- биология
Окутуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай.
Окууга тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:
- БМК директорунун атына арыз
- Билими тууралуу документтин түп нускасы (орто билими тууралуу аттестат, же кесиптик билими тууралуу диплом)
- №086-У формасындагы маалымкат
- 3х4 өлчөмүндөгү бурчу бар 6 фото сүрөт
- өздүгүн жана жарандыгын тастыктоочу документтин көчүрмөсү, түп нускасы комиссияга көрсөтүлөт
Колледждин студенттерине жатакана берилет. Акысы айына 800 сом.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз:
Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 18
Телефондор: (312) 30 09 08; 30 10 84; 30 02 43