// //

Сөйкө салган жигити таштап кеткен кыздын баяны

2021.01.29, 15:11
8138

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Салтанат (аты өзгөртүлдү) студент, шаардагы окуу жайлардын биринде окуйт. Эки жыл мурун куру ушактардын айынан сөйкө салган жигити таштап кеткен. 

"8-классымда өзүмдүн айылымдагы бир бала менен сүйлөшүп баштадым. 2 жыл өткөндөн кийин ата-энеси сөйкө салып келишти. Көп өтпөй мен жөнүндө айылда  "башка бала менен сүйлөшөт, тиет экен" деген болбогон бир ушактар тарады. Бул сөздөр жигитимдин туугандарына да жетиптир. Мен канча айтып ыйлаганым менен ал мага ишенген жок. Экөөбүз сүйлөшпөй калдык."

Бул аралыкта Салтанат окуусун бүтүп, университетке тапшырат. Өткөндү унуталбай кыйналат. Экинчи курс болгондо баягы жигити байланышка чыгат. 

"Жигитим кайра чалып баштады. Бирок,  "сен ушундай кылгансың, сен минткенсиң" деген сөздөрү калган жок. Ушул убакка чейин ар бир айткан сөзү ыйлатат. Анан бир жума мурун “мен сени жакшы көргөнүм үчүн эмес, сыйлаганым үчүн сүйлөшүп жатам. Үйлөнсөм да, сыйлаганым үчүн үйлөнөм”,- деди. Эмне кылаарымды билбей калдым. Үй-бүлө болсок, бул жагдай улана берчүдөй сезилип жатат."

Тилекке каршы, Салтанат убагында ата-энесинин кой дегенине болбой сөйкө салдырган. Ошондон улам, учурда кыйналып жүргөнүн аларга айта албайт. 

"Азыркы абалымды ата-энеме да айта албайм. Алар сураса баары жакшы деп коём. Анткени, ал жигитти мен өзүм тандагам, апамдар каршы чыкканына болбой сөйкө салдыргам. Эми аларга эч нерсе дей албайм. Муну менден башка эч ким билбейт. Ичимден сызып улам ыйлап алам. Аябай кыйналып кеттим. Кимге эмне деп айтаарымды да билбей калдым. Менин мынчалык кыйналганымдан апамдар кабардар эмес."

Тамара Воронцова, психолог

Жалган жалаа көптөгөн тагдырларды бузган өтө жагымсыз көрүнүш. Сиздин мамилеге тоскоол болууну каалагандар - атаандашыңыз, курбуларыңыз же болбосо жигитиңиздин тууган-туушкандары болушу мүмкүн. Мындайча айтканда, себептери көп.

Бирок, баарынан маанилүүсү - бул абалда жигит өзүн кандай көрсөттү. Ал сизден башка баарына ишенди. Кантип анан сизге ишенбеген, сүйбөгөнүн ачык айткан адам менен жашооңузду байлагыңыз келет. Ага жолобой качыңыз, сүйлөшпөңүз. Ал сизге бир жолу чыккынчылык кылды, андан кийин дагы сата берет.

Эгерде ал адам менен баш кошууну чечсеңиз, бактысыз турмушуңузду элестетип жатам. Айта кетүүчү нерсе, бул окуяны кудайдын берген кеңеши, бактысыз тагдырдан сактап калган аракети катары кабыл алыңыз. Сөзсүз түрдө, сизди сыйлаган, сүйгөн адамга жолугасыз. Күнөөсү жок жерден айыпталган адам эмес, бактылуу, кубанычтуу болосуз. 

Ал жигит менен мамилени үзүп, жаныңыздагы энергетикалык орунду бошотуңуз. Чыккынчы адамдын айынан кайгырганыңызды токтотсоңуз. Өзүңүз үчүн шайыр, бактылуу болуңуз. Жашооңуз сөзсүз түрдө өзгөрүлөт!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт