Кан тамырларым буулгандан улам төрөбөй калышым мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Төрөттөн кийин көп кан кетти. Канды токтотуу үчүн операция жасашып, кан тамырларды буудуу. Жети жыл бою сактанып келгем. Эми боюма бүтпөй жатат. Кан тамырларым буулгандыктан төрөбөй калышым мүмкүнбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Төрөт жана операция учурунда кан жоготуу кандай болгонун билүү керек. Тилекке каршы, жазганыңызга караганда, канды тезинен токтотуу керек болгондуктан, өтө олуттуу эле кан агуу болгон. Балким, кан жана алардын алмаштыруучулары куюлгандыр.
Кош бойлуулук көптөгөн себептерден улам боло бербейт, кээде мурун канды кескин жоготуудан келип чыгышы мүмкүн. Бирок, кан тамырлардын байлануусунун бул жерде тиешеси жок. Шихандын синдрому жана калкан безинин оорулары жокпу билүү үчүн гинекологдон тышкары, сөзсүз түрдө эндокринологгө көрүнүңүз керек. Бул оорулар жокко чыгарылгандан кийин, гинеколог репродуктивдик системаңыздын калган бөлүгүн жакшылап текшерип чыгат. Себептери көп болушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот