Тосмо арыз жазылса дагы жездеми чыгарбай жатышат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Менин эжем бир киши менен уруша кетет. Ал киши эжемди сөгүп жатканын жездем угуп калат, жини келип башына кирпич менен уруп жиберет. Алар сотко арыз жазып коюптур, экспертиза баш сөөк жарака кетиптир деп чыккан. Бирок, тиги киши жакшы, эч нерсе болбой эле жүрөт. Эжемдер бейтапканага кеткен акчанын баарын төлөдү. Колуна да акча берип кечирим сурашты. Тосмо арыз жазып берген, андан сырткары сотко дагы 400 миң беришти. Тосмо арыз жазганына төрт ай болду, бирок жездем чыкпады. Дагы 200 миң акча сурап жатышыптыр. Эжем элдин баарына карыз болуп калды.
Негизи эле тосмо арыз жазгандан кийин кармаганы туурабы? Тосмо арыз жазгандан кийин чыгарыш керекпи? Кантип жардам берсек болот? Эжем кыжаалат болуп ооруп калды.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сурооңузду туура түшүнгөн болсом, жездеңизге карата КРнын жазык кодексинин "Ден соолукка оор зыян келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми бул кылмыш иш оор кылмыштын курамына киргендиктен, мындан кылмыш иштери боюнча тосмо арызын негизинде жазадан бошотулбайт.
Ошондуктан, ашыкта акча коротуунун кажети жок. Бул жерде адвокат иш алып баруусу зарыл. Тактап айтканда, ден соолукка келтирилген жаракат чындыгында оор жаракатка киреби кайрадан экспертиза дайындоону сурануусу керек.
Бир ишти жасардан мурун жакшылап ойлонуу зарыл. Анткени өзүм билемдик менен иш жүргүзүүнүн кесепеттери оор болуп калат. Эжеңизге карата күч колдонгон адамды милицияга берсе туура болор эле.