Кайын-журтумдун көзүнчө мени көтөрүп алган күйөөмдү сагындым
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Салам окурман! Бул башыман өткөн бир окуя. Ката жазган болсом кечиргиле, көз жашымды токтото албай жаттым.
Баш кошкоонубузда мен дагы, күйөөм дагы 19 жашта эле. Жаш баладан айырмабыз жок болчу. Эки үй-бүлөнүн эрке балдарынын эркелиги такыр калбады. Кыш. Айыл. Сууга баратканда чанага отуруп күйөөмдү сүйрөтүп алам. Жайда суу чачышып ойнойбуз. Күйөөм эч нерседен тартынбачу. Мени кайын атам менен кайын энемдин алдында деле көтөрүп алат эле. Экөө көнүп деле калышкан, биз менен иштери жок. Кайын-журтум кыйын жана жакшы адамдар эле, айрыкча кайын энем.
Бир кем дүйнө деп ушуну айткыла. Кудайым бизге перзент бербеди. Эмнелерди кылбадык, кайда гана барбадык дейсиңер. Ошентип жүрүп эки жылга жакын жашап койдук. Айылда жумуш жок, жолдошум шаарга каттап, таксист болуп иштей баштады.
Күндөрдүн биринде жолдошум кадимкидей машинасын айдап ишине кетти. Мен үйдө элем, кайын атам жумушта, кайын энем жарым жыл мурун катуу ооруп каза болгон. Мас абалындагы балдар машина айдап баратып жолдошум менен бетме-бет сүзүшүптүр. Күйөөм бейтапканага жетпей каза болду. Жашоом бир секунд ичинде мурун жана кийин болуп бөлүнүп калды.
Душманыма дагы мындай көргүлүктү каалабайм. Бул күндү көргүчө менда ошол машинада бирге өлсөм болбойт беле. Жолдошумду үйгө алып келишти. Эч жери сынган эмес экен. Жүзү кичине жылмайып тургандай.
Жашоом токтоп калды. Уйкудан тургум келчү эмес. Ушунун баары түш болуп калса экен деп тиленем. Бөлмөмдөн чыкпай жата бердим. Өзүмдүн апам урушуп жүрүп тамактантып жатты. Кыркын чыгарып ата-энем үйүмө алып кетишти. Күн алыс эле айылга бара берет элем. Күйөөм экөөбүз тиккен бакка кирип ыйлап, ойлонуп кыйла отуруп, кайра кайтам.
Арадан 12 жыл өтсө дагы жарам бүтпөдү. Күйөөм кече эле түшүмө кирип өзүн эстетти. Жаш жубайларга айтарым бири-бириңердин баркыңарды билип жашагыла. Ким качан өлүшүн билбейт, көзүңөр барында сыйлагыла, сүйгүлө. Болбосо кийин мага окшоп өзүңөрдү кечире албай жүрөсүңөр.
Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди