Хиджаб салынам, денемдеги түктөрдү жулдурсам болобу?
Саламатсызбы! Жоолук салынам. Денемдеги түктөрдү жулдурсам болобу? Шугаринг жасаган эже үйүнөн кабыл алат, андан башка менин денемди эч ким көрбөйт.
Бактияр Токтогазиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Ислам дини боюнча, дененин чоочун адамдарга көрсөтпөй турган бөлүктөрү болот. Мисалы, эркектики киндиктен тизесине, аялдыкы төшүнөн тизесине чейин. Ошондуктан, шугаринг жасаганда башка бирөөгө, айталы, мастерге тизеден төшкө чейин аймактагы түктөрдү алдырганга болбой калат. Ал эми колуңузга, бутуңузга кылдырууга уруксат берилет. Өзүңүз техникасын үйрөнүп алып төштөн тизеге чейинкисин алсаңыз болот.
Ассаламу алейкум уа рохматуллоохи уа барокотуху. Намаз окуганыма 5 ай болуп калды бирок өзүмду чалдыранкы сезип жатам, намазды бир азга токтото турсам болобу? Намаз окуп жатканда оюмда жашоодогу кыйынчылыктар келип жатат, чет жакта болгонума байланыштуу эч ким менен сүйлөшпөй элемин, кантсем болот кеңештерге аябай муктажмын. Алдын ала рахмат