Күйөөм менин көзүмчө башка кыздарга жабышат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. 8-классымда менден бир топ жаш улуу байке зордуктап салган. Ошол окуядан кийин эркектерди жек көрүп жүрдүм. Кийин жолдошум менен таанышып баш коштук. Нике түндө кыз эмес экенимди билгенден бери сабап келет. Менин көзүмчө башка кыздарга жабышат. Ортодо бир балабыз бар. Баарына чыдадым. Эмне кылсам болот? Мени жакшы көрөбү же жокпу билгим келет. Мени кызганып көчөгө көп чыгара бербейт.
Асель Суюнбаева
Психолог
Саламатсызбы! Ортодо чечилбеген, ачык сүйлөшүп албаган маселе бар экен. Мунун баарын башында чечишип алышыңыз керек эле. Катыңызда жазгандай сиздин көзүңүзчө башкаларга жабышса, андай үй-бүлө, мамиле сизге керекпи? Ойлонуп көрүңүз. Акыл калчап иш кылыңыз.
Башыңыздан өткөн бир окуя үчүн өмүр бою жооп берип келгенге даярсызбы?
Же өз алдынча, өзүңүздү кечирип, башкача жашаганга даярсызбы? Эгер бир чечимге келгиңиз келсе, ачык сүйлөшүп, бири бириңерди жана өзүңөрдү алдап алаксытпай, чыныгы мамилеңер, үй-бүлөңөр жөнүндө жакшылап сүйлөшүп көргүлө. Анын жыйынтыгы менен андан ары иш кылганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мүмкүнчүлүк таап психологго кайрылып, кеңеш алыңыз.
Зомбулук фактылары боюнча каякка кайрылуу керек?
Үйдөн зордук-зомбулукка кабылып жатсам, кайда кайрылсам болот?