Менин массажга барарымды кайын энемден башка эч ким билбейт
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Ммм... Кандай гана керемет... Бөлмөсү дагы сонун жыттанат экен... Магдырап уйкум келе баштады... “Кайф” деп ушуну айт...
Ар бир айдын 15ин чыдамсыздык менен күтөм. Анткени, бул күнү кайын энемдин пенсиясы түшөт.
Кайын энем экөөбүз укмуш ынтымактуубуз деп айта албайм. Кээде ал менин ачуума тиет, кээде мен аныкына дегендей. Бир учур болот дейсиңер, бири-бирибизди көргүбүз келбей калат. Андай күндөрү мен кечке чейин жумушта отура берем, кайын энем болсо кызыныкына кетип калат. Кыскасы, ачуу сөздөрдү айтып көңүл ооруткандын ордуна ушундай ыкманы туура көргөнбүз.
Бирок, башыма кыйынчылык түшкөндө кайын энем жанымда болоруна жүз пайыз ишенем. Анткени, ал муну иш менен далилдеген.
“Женский” жактан операция болгом. Өз апам келе алган жок. Күйөөм болсо жумушта. Жанымда ким отурганын айтпасам деле түшүнсөңөр керек. Алдыма чейин тазалап, курсагымды тойгузуп, онтолосом “жөн жат” деп урушуп дем берип кайын энем отурду. Ага чейин таарынышып сүйлөшпөй жүргөнбүз. Операция боло турган күнү унчукпай келип, дарыгер менен чогуу жүрдү.
Балалуу болгондон кийин бизде сонун салт пайда болду. Кайын энем ар ай сайын пенсия алары менен бекитип акча берет. Баланы өзү алып калып, “эс алып кел”,-деп массажга жөнөтөт. Күйөөм кайда жүргөнүмдү сураса, “менин жумуштарымды бүтүрүп жүрөт”,-деп коет экен.
Массаждан чыккандан кийин жашоо башкача көрүнөт. Үйгө энергияга толуп тоону томкоргонго даяр болуп келем. “Бактылуу эненин баласы дагы бактылуу болот.” Жыргап жүргөнүмдү көргөн кайын энем ушинтип коет. Айтканы жүз пайыз чын экенин эми түшүндүм.
Бала менен кыйналганымды, кээде чарчаганымдан бир жакка качып кеткенимди, уйкусурап жүргөнүмдү түшүнүп, мен үчүн ушундай салт ойлоп тапкан кайын энеме ыраазымын. Өзүнө байкатпасам дагы өмүрүн тилейм. Урушуп кеткенде эле ачуулунып калбасам, мындай күндөрү аябай жакшы көрөм. Көп жашаңыз, апа!
Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди