Эки колтугумда жумурткага окшогон катуу нерсе пайда болду. Бул эмне?
2021.01.19, 10:18
1625
Саламатсызбы! Мен жакында эле төрөдүм. Эки колтугумда жумурткага окшогон катуу нерсе пайда болду. Бул эмне экенин билбей жатам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.01.2021, 10:29
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатсызбы! Айткандарыңызга караганда, кошумча сүт бездерине окшошуп кетип жатат. Мындай өзгөчөлүктөр кездеше берет, рудименттер деп коет. Сүт топтолсо, ал колтукка дагы чогулат. Эч кандай коркунучтуу жери жок, жөн эле көкүрөккө коюп, керек болгон учурда сыгып туруу жана укалоо жасоо керек. Сөзсүз түрдө маммологго кайрылыңыз. Себеби так диагноз коюу үчүн УЗИден өтүңүз зарыл болот.
Ден соолукта болуңуз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп