Мени уктатып коюп шейшептеримди жууган кайын энеме ыраазымын
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Эгер мага жети өмүр берилсе, жетөөндө тең ушул үйгө келин болоюн дейт элем. Кайын-журтумдай үй-бүлөгө туш болгонума сүйүнөм. Келин болуп келгениме беш жылдан ашты. Ишенесиңерби, бир дагы жолу өкүнгөн жокмун. Бактылуумун! Күлүп жүрүп эле күндөрүмдүн кандай өткөнүн билбейм.
Биринчи кызымды төрөгөндө кайын энем Москвада болчу. Небереси тогуз айга толгондо кайтып келди. Экинчи баламда мени менен чогуу төрөтканага кирди. Толгоом аябай оор болду. Колумду кармап, такыр жаныман чыккан жок.
Үйгө чыгып келгенде дагы аябай кыйналдым. Отурсам тура албайм, турсам отура албайм дегендей. Өзүм колдонгон шейшептерим кан болуп калган эле. Эртең жууйм деп, баштыкка салып катып койгом. Баламды уктатып коюп жүрсөм, кайын энем жаныма келип “тур, сен дагы уктап ал, түндө чарчайсың”,- деди. Сүйүнүп кирип кеткем.
Чыксам жанагы катып койгон шейшептерим баары жуулуп жайылып турат. Уялганымды айтпагыла. Карасам кайын энем жүрөт.
- Апа, жуубай эле койбойт белеңиз. Азыр кыйналып жаткам, ошон үчүн эртең жууйм деп катып койгом.
- Эч нерсе болбойт. Жөн эле отурам. Сен өзүңдү кара, балаңды жакшылап чоңойтуп ал. Мен кир жууп кыймылдап койсом эч нерсе болбойм.
Аябай ыраазы болуп ыйлагым келди.
Кайын атам дагы кайын энемден кем калбайт. “Кызым” деп эле турат. “Капкарашка” күйөөмө болсо сөз жок. Аны ушунчалык катуу сүйөм дейсиңер, тим койсо кучагымдан кое бербейт элем. Эки кайын эжем менен бир кайним бар. Келгенден бери бир дагы катуу сөз айтышкан жок, “эмне керек” деп көңүлүмдү карап басып жүрүшөт.
Ушундай сонун адамдардын келини болуу мен үчүн чоң сыймык. Эркелетип, жылуу сөздөрүн айтып турушса, аларга болгон сыйым күчөйт. Ар бирин өзгөчө жакшы көрөм. Мени бүлөңөргө бүлө кылып кошуп, жашоомду гүлгө бөлөгөнүңөр үчүн чоң рахмат. Мени баарыңарды жакшы көрөм.
Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди