// //

Тогуз жылдан кийин жанымда жаткан күйөөм "красавчик" экенин билдим

2021.01.17, 14:34
6461

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кирпиктери узун. Көзү бакырайган. Каш капкара. Бул чын эле менин күйөөмбү?

“Сага эмне болду?” Күйөөм тартынып кетти окшойт, курткасын илип жатып мага ушинтти. Унчукпастан, бурчта жымыңдап карап тура бердим. “Болдучу”,-деп ваннага кирип кетти. Артынан барып дагы көз салдым. Кытыгылап кууп жиберди. Бул чын эле менин күйөөмбү?

Тамак куюп бердим. Өзүм болсо ичпей, дагы эл ага суктанып отура бердим. Күйөөм чыдай албай күлүп жиберди. Столдун үстүнүн баары шорпо болду. Акырын туруп тряпканы алдым. Сүртүп жатып дагы аны карадым. Уялып чыгып кетти. Бул чын эле менин күйөөмбү?

Экөөбүз жайкы практикадан таанышканбыз. Анда эмне, чөнтөгүндө бир тыйыны жок студенттик кезибиз. Балдар кыздарга суу чачып ойноп жатышкан. Ошол маалда көзүм бурчта чоң көз айнекчен жигитке түштү. Үстүндөгү кийими жупуну экен. Ошол маалда жаныма курсташ казым келип отуруп, “чоң атаны карап жатасыңбы”,-деди.

- Эмнеге чоң ата?

- Көз айнегин карабайсыңбы. Эскиргенинен кырлары саргайып кетиптир. Кийимдери болсо атасыныкы же чоң атасыныкы. Жаштар андай кийбейт. Бут кийиминин кара. Өңү өчүп калыптыр. Коңшу группада окуйт. Биз аны “чоң ата” деп коебуз. Колунан китеп менен газета түшпөйт.

- Билбейм. Жакшы эле жигит көрүнөт.

- Этият бол, сени “чоң апа” деп калбайлы.

Каткырып чуркап кетти. Ошол маалда “чоң ата” мени карап турганын байкадым. Кол булгаласам, унчукпай туруп кетип калды.

Бүгүн биринчи иш күнүм. Эгер өзүмдү жакшы көрсөтсөм мени жумушка кабыл алышат. Жетекчим кандай болду экен? “Таанышып алгыла, бул Амангелди, сени көзөмөлдөйт.” Көргөн көзүмө ишеген жокмун. Маңдайымда чоң көз  айнекчен “чоң ата” турат.

Кечээ көз айнегин сындырып алган. Эртең менен туруп окулистке кеткен. Ал линза жазып бериптир. Өзү деле көз айнектен тажаганын айтып жүргөн. Эми минтип линза тагынып келсе, бир башкача болуп калды. Чачын дагы алдырыптыр. 

Отуруштарга барсак айымдар бир кылчайып карап калышчу. Мен аны байкаганым менен көңүлүмө деле алчу эмесмин. Көрсө, күйөөмө суктанып коюшчу туура. Элестеткиле, тогуз жыл чогуу жашагандан кийин жан дүйнөсү гана эмес, сырткы келбети дагы сулуу адамга турмушка чыкканымды билдим. Эскирген чоң көз айнектин артында сулуулугу каталып жүргөн экен.

Дагы эле күйөөмдү карап отурам. Компьютерин жаап мени кытылаганы келатат. Менин кытыгыдан гана коркорумду билет да. Качып жөнөдүм.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт