// //

Кайын энем мен жасаган боорсокторду итке берип салыптыр

2021.01.16, 13:36
7228

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ит жеп бүткүчө карап турдум. Акыркы боорсокту оозуна алганда артка бурулуп жөнөдүм. Ыйласам бир аз эс алып калмак белем билбейм. Ичимен өрттөнүп жатканым менен сыр билгизбей үйгө кирдим. Кайын энем коноктор менен бака-шака болуп отуруптур. Эч нерсе болбогондой мени карап, “чай демдеп келчи”,-деди.

Кайын энем экөөбүз ынтымактуубуз деп калп сүйлөгүм келбейт. Бир күн таарынышсак, эки күн жакшы жашайбыз. Анын дагы кыялы бар, менин дагы кыялым бар. Экөөбүздүн бир гана жерибиз окшош, айтканынан кайтпаган өжөрбүз.

Бүгүн коноктор келмек. Эртең менен жумушка кетип баратып камыр ачытып койгом. Эртерээк келип боорсок бышырдым. Дасторконду даярдап бүтүп базарга түшүп келгиче эле, коноктор келип калыптыр. Шашып кирип баратып боорсокторум иттин кесесинде турганын көрүп калдым. Дароо оюма кайын энем келди. Анткени бышырып жатканда, “өтө кызартып жибердиң, күйүктөрүн терип итке эле берип коюш керек”,-деп, сүйлөнүп басып кеткен.

Дасторконго көз жүгүртсөм боорсоктор жок. Коноктор нан эле жеп отурушуптур.

Конокторду узатып алдык. Кайын энем экөөбүз сыртта үнсүз идиш жууп отурганбыз. Анан өзү сөз баштады.

- Ал сен жасаган боорсоктор эмес. Тиги коноктор ала келиптир. Машинада үстү ачылып келген окшойт, карасам бензин жыттанып кеткен экен. Балтекке ыргытып койдум. Сеникин кытыраган кыпкызыл сонун боорсок болуптур дешип балдары тытып жеп койду.

- Мен сиз менен тиреше берип чарчадым. Жөн гана ынтымактуу болуп жашагым келет. Экөөбүздүн тил табыша албай жатканыбызды көргөн Адыл (күйөөм) деле кыйналып жүрөт. Эгер жок, сени кабыл алалбайм десеңиз, жаныңызда жүрүп көңүлүңүздү оорутпайын. 

- Эч жакка кетпейсиң, жөн отургунуң! Мен сен жок ким менен урушам? Кимге кыялымды көрсөтөм? Кимге кыйын болом? Ооруп калсам кимге эркелейм? Кимдин мээсин жейм? Ким менен сериал көрөм? Ким менен ушакташам? Кимди тойго ээрчитип барам? Жаңы көйнөк алсам кимге мактанам? Менин жоруктарымды сен гана көтөрөсүң. Мага сенден башка келин кереги жок. Жөн отургунуң! Сени эч жакка кое бербейм. Кетсе тиги Адыл кетсин.

“Мен кайда кетишим керек?” Артыбызды карасак күйөөм таң калып турат. Кайын энем экөөбүз каткырып кирдик. Ичибиз ооруп калгыча эзилдик.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт