// //

Күйөөмдү сол жакка басат деп ойлосом, атамды дарылатып жүрчү экен

2021.01.09, 12:47
21670

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн дагы кеч келди. Тамак ичеби сурасам, чарчаганын айтып жатып алды. Акыркы он күндөн бери башкача. Жумушу шаарда, бирок, машинасы айыл жолдоруна баргандай ылай болуп келет. Кийимдерин жыттадым. Бейтапкана жыттанат: хлор,спирт, бинт, дары. Кыязы, анысы медайым окшойт.

Ойлуу. Мени мурдагыдай карабайт. Көзүн ала качат. Бир нерсе сурасам, баарына макул боло берет, адаттагыдай талашып-тартышпайт. Баласына дагы убакыты жок. Телефонунан чыкпайт. Бирөө чалса сыртка чыгып кетет. Ким экенин сурасам, досум деп коет.

Уйкум качты. Өмүр боюу чогуу болобуз деп ойлогом. Мага берген сөзүн унуткан окшойт же анысы унуттурган. Кыязы, сүйүүсү бүттү, эгер кетем десе кармабайм. Албетте, ыйлам, анан көз жашымды аарчып жашоомду улантам. Бирок, сүйөм. Эх...

Бүгүн таңга маал келди. Кайда жүргөнүн сурасам, “жумушта”,- деп бурк этти. Ошонусуна кетишин айтып ыйладым, жаңжал салып бир сыйра чапкылап алдым. Унчуккан жок. “Кетпейм”,-деди дагы, ордуна барып жатып алды. Сениби, эртең артыңан барам.

Машинасы жумушуна кетчү жолго эмес, башка тарапка бурулду. Такси байке “күйөөңбү”- деди, унчуккан жокмун. Бир үйгө барып токтоду. Демек, анысы ушул жерде жашайт экен да. Ой, атамбы?

Машинасына салып жөнөдү. Артынан калган жокмун. Бейтапканага барып токтоду. Эмне үчүн онкология бөлүмү? Жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Таксиден секирип түшүп бакырдым: “Ата!”

“Мен ооруп жатам кызым. Дарыгерлер жаман оорунун атын айтып жатышат. Анализдеримди күтүп жатам. Ушул убакка чейин күйөө балам жанымда болду. Апаңа дагы айткан эмесмин. Сага дагы айтпа деп күйөөңдүн оозун мен жапкам. Күйөө балам эки-жакка ташып, дарыларымды алып берип мени менен жүрдү. Ыраазымын. Бирок апаңа айтпай эле тур.”

Атам дарыгердин кабинетине кирип кетти. Күйөөм ойлуу отурду. Жанына барып отурдум. Ыйлап жибердим. Катуу кучактады. “Мен жанындамын. Биз жеңебиз”,-деп колумду кысты. Эмнегедир сөздөрүнө ишендим.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт