// //

Күйөөмдүн насвай чегет экенин билгенден кийин, ажырашкым келип калды

2021.01.07, 12:40
1979

Саламатсызбы! Менин турмуш курганыма эки жыл болду. Жолдошумду жакшы көрүп эле күйөөгө тийгем. Жашаганыбызга жарым жыл болгондо анын насвай чегет экенин билдим. Бул мен үчүн аябай эле жат нерсе. Урушуп-талашып жатып араң таштаткам. Эми болсо тамеки чегип баштаптыр. Ишенбей калдым. Сөзүнө турбай мени алдаган адам менен кантип жашоону улантам? Ажырашып кетким келип жатат. Айткан сөзүнө турбайт, калп сүйлөйт, жалкоо ж.б. Турмуш курганыма өкүнүп жатам. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.01.2021, 13:19

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Катыңызды окуп жатып эмнени каалап турганыңызды түшүнө албадым: кеңеш, уруксат, колдоо же кубаттоо. 

Күйөөгө сүйүү менен тийгениңизди, мажбурлоо болбогонун жаздыңыз. Башкача айтканда, бул сиздин чечимиңиз болгон. Бирок кийинчерээк никедеги жашоо сизге көңүл калууну гана алып келди окшойт, анткени сиз жакшы нерселер жөнүндө эч нерсе жазган эмессиз: "ал жалган сүйлөйт, жалкоо, сөзүнө турбайт."

Баш кошкондон кийин кыз-жигит кезде байкабаган, башка дагы көп нерсени көрө баштайбыз. Күлгүн түстөгү көз айнекти чечкенден кийин көңүл калуу жана жоготуу фазасы ар бир мамиледе болот, бул өнүгүү баскычы деп аталат. Кимдир бирөө бул абалды жана өнөктөшүн реалдуу адам катары кабыл алып, андан ары жашоосун улантат. Ал эми кимдир бирөө башка "идеалдуу" шерик издөөнү артык көрөт.

Кандай болгон күндө дагы, бул сиздин жана жолдошуңуздун тандоосу. Шеригиңизден "көргөнүңүз" сиз үчүн жат нерсе болушу мүмкүн, бирок сиз ага дени сак адаттарды сиңирүү менен кайра тарбиялоого милдеттүү эмессиз. Ансыз деле кайгырып, өкүнүп жаткан окшойсуң.

Тыюу салуу жана коркутуу жолу менен гана эмес, бири-бириңер менен тынчтык жол менен тил табыша аласыңарбы, бул нерсени каалабайсызбы же жокпу - сиз чечесиз. Эгер өз ара сүйлөшүү кыйын болсо, анда үй-бүлөлүк психологго кайрылгыла.

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт