Кайын атама "эркелебеңиз" деп айтып алып, кол булгалап ыйлагам
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Кайын атамдын өткөнүнө алты жыл болду. А мен сагынып ыйлай берем.
Бүлөсүнө кошуп, кыз кылып алганы үчүн кайын атама абдан ыраазымын. Мени өз кыздарынан дагы артык көрөр эле. Бир дагы жолу катуу сөз айтпады. Ар дайым мактап басып жүрөт. Ушундай жакшы адамдарды эрте кеткени өкүндүрбөй койбойт.
Кайын атамдын ашказаны ооруп каза болду. Ооруп калганда биздин үйдө болду. Күйөөм ишке кетет. Ал келгиче кайын атам экөөбүз чай ичип божурашып отура беребиз. Сакайганда айылына кетмек, аттиң, жакшы боло албады...
Айыкпай турганына көзү жеткен соң, үйүнө кетүүнү чечти. Машина келип токтоду. Мен жүктөрүн багажка салып, көз жашымды жашырып, ага көрүнбөй эле коюуну чечтим. Бирок, кайын атам, шоферду токтотуп, мени чакырды. “Айланайын, бактылуу бол. Өмүрү жамандык көрбө. Мен сенден ыраазымын”,-деп чекемден өптү. “Ата, коштошпоңуз, сөзсүз жакшы болосуз. Ата, жүрөктү түшүрүп эркелебеңиз. Мына көрөсүз жакшы болуп кетесиз, мен сизди көргөнү барам”,-дедим. Көз жашымды агызган боюнча кол булгалап кала бердим.
Каза болгонун укканда ичим эзилип көпкө ыйладым. Бул мен үчүн орду толгус чоң жоготуу эле.
Мен кайын атамды “ата” деп үйрөнгөнмүн. Мен үчүн атам бойдон кала берет. “Ата, сизге абдан ыраазымын. Мен сизди аябай жакшы көрөм. Мен үчүн кылган жакшылыктарыңызды эч качан унутпайм. Күн сайын сиз үчүн дуба кылам. Дагы жашап, неберлериңиздин жакшылыктарына күбө болсоңуз кана... Сиз эсимде мыкты кайын атанын үлгүсү бойдон кала бересиз.”
Балдарым чоң атасындай зирек, акылдуу, мээримдүү болушун каалайм. Деги эле баарыңыздарга меникиндей “ата” насип кылсын.
Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди